Кыргыз эли фронтко 54 миң күлүк ат берген. Улуу Жеңишке өлкөнүн кошкон салымы
© Фото / ЦГА КФФД КРКыргызстандык жоокерлер тактикалык машыгууда. Фрунзе облусу, 1942

© Фото / ЦГА КФФД КР
Жазылуу
Быйыл Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиштин 80 жылдыгы чоң салтанат менен белгиленет. Төрт жылга созулган апаатты токтотууга, тынчтыктын орношуна Кыргызстан да эбегейсиз чоң салым кошкон.
Географиялык абалынан улам кан күйгөн согуштун өзүнөн кыйла алыс жайгашкан Кыргызстан оорук катары фронтко азык-түлүктөн баштап кийим-кечеге чейин жөнөтүп турган. Нечендеген завод-фабрикалар көчүрүлүп, согуштун кээринен улам үй-жайынан, жан күйөр жакынынан ажыраган канча деген адам эвакуацияланган. Кыргыз эли тартыштыктан, жокчулуктан өзү кыйналып турганына карабастан, ошонун баарын бооруна тартып, бир сындырым нанды бөлө жеп Жеңиш деген ыйык мүдөөнү көздөп келишкен.
Sputnik колумнисти Алмаз Батилов ошол кездин коомдук-саясий абалын чагылдырган гезит-журналдарды карап чыгып, эр-азаматтарын согушка жөнөткөндөн сырткары кыргыз элинин эмне эрдик жасаганын тизмектеди. Бул сапар колубузга "Ленинчил жаш" гезитинин 1965-жылы 9-майда чыккан саны тийген.
Жеңиш үчүн
1942-жылы жайында Кызыл-Кыя шахтасында жумушчулар жетишпей турганда шахтыга комсомолдун 120 мүчөсү өз каалоосу менен келип иштөөгө өттү. Көк-Жаңгак, Ак-Түз, Сүлүктү кендерине бул жылдарда комосомолецтер массалык түрдө келип иштешкен.
© Фото / Республиканская библиотека для детей и юношества им. К. БаялиноваГазетные вырезки о Великой Отечественной войне

© Фото / Республиканская библиотека для детей и юношества им. К. Баялинова
***
Борборубуздагы айыл айыл чарба куруучу заводдун алдында 1942-жылы комсомолдук-фронттук бригада түзүлгөн. Аны уюштургандар ошол жердеги А.Кузьмина, М.Гриценко, Болотбек Таштыкбеков, Зарылык Алымкулов, М.Харпова деген комсомолецтер болушкан.
***
Улуу Ата Мекендик согуштун мезгилинде күнөстүү Кыргызстан Кызыл армияга 54 000 күлүк ат берген. Мунун 14 миңи согуштук комплекти менен толук жабдылган.
***
Республикабыздын колхоз-совхоздору, колхозчулары менен колхозчу аялдары согуш жылдарында коргонуунун фондуна 4 миллион 500 миң пуд эгин, 500 миң пуд эт өткөрүшкөн. Эмгекчилер жеке өз менчигинен үч атчандар дивизиясына 193 миң пуд эт, 21 миң пуд эгин, 200 миң пуд ар түрдүү продуктуларды жөнөтүшкөн.
***
1941-1945 жылдары өңчөй комсомолец менен жаштардан 15 миңден ашыгыраак айыл чарба адистери даярдалган.
***
Согуш мезгилинде жалаң комсомолец менен жаштар өз күчтөрү менен коргонуунун фондуна жардам катарында үч миң гектар жерге эгин айдашкан. Фашисттик оккупациядан бошотулган райондорго жардам катарында 1500 гектар жерден алынган түшүм жиберилген. Сталинградды коргоо үчүн 2300 гектар жер айдалып түшүмү жөнөтүлгөн. Жалпы 1941-1945-жылдарда республикабыз боюнча 80 миң жер өздөштүрүлгөн.
***
Кыргызстандын эмгекчилери 189 000 000 сом (эскиче) жыйнап, аны бузулган шаарларды кайра курууга жана армияны куралдандырууга жиберишкен.
Анвар Куттубаева, Кыргыз ССРинин эл артисти: ырыбыз да ок болгон
Биздин концерттик бригаданын курамында Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисттери Шекербек Шеркулов, Сайит Бекмуратов жана артисттер Кулдарова, Найзабекова, ошондой эле Орус драма театрынын артисттери бар болчу. Москвага келгенден кийин биздин бригада 1-Беларус фронтуна барууга буйрук алдык.
1943-жылы сентябрда Фрунзеден Москвага жөнөдүк. Биз Ата Мекен үчүн жанын аябай салгылашып, кан күйгөн согушта чексиз эрдик көрсөтүп жаткан советтик баатыр жоокерлерге жардам берип, алардын көңүлүн көтөрүү үчүн бара жатабыз.
© Фото / Республиканская библиотека для детей и юношества им. К. БаялиноваГазетные вырезки о Великой Отечественной войне

© Фото / Республиканская библиотека для детей и юношества им. К. Баялинова
Жазга жуук биз 2-Прибалтика фронтуна келдик. Ал жерде да концертибиз улана берди. Жеке эле жоокерлердин арасында болбостон, талаа госпиталдарына да барып жарадарлардын көңүлүн ачтык. Биздин колдон келген жардамыбыз эстен кеткис татыныкай белегебиз үчүн жоокерлер аябай ыраазы болуп, алкыш айтышты. Бул биздин мекен үчүн аз да болсо, кошкон салымыбыз го деп ойлойм.
Асипа Исмаилова, Панфилов дивизиясынын жоокери: каармандардын катарында
1938-жылы мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасына катыштым. Ошол эле жылы Кыргызстан филармониясында иштеп калдым. Биздин концерттик бригада Тянь-Шань областында жүргөн. Капыстан телеграмма алып калдым. Шаарга келсем, Кыргызстандын делегациясынын курамына кошулуп Панфилов дивизиясына белек алып бересиңер дешти. Ошентип жолго чыктык.
Биздин панфиловчулар Тверь шаарынын Княжгилин кыштагында экен. Түн жамынып барган Кыргызстандын улан-кыздарын токойдо тосуп алышты. Мен советтик жоокерлердин кайраттуулугун өз көзүм менен көрүп аябай кубандым. Күн чайыттай ачык эле. Бардык жоокерлер блиндаждан чыгып кыргыз делегациясынын белегин кабыл алып жатты. Туш-туштан ок чуулдап учуп турат. Ал эми чогулуп отуруп бир тууган Родинасы жөнүндө кабар угуп жаткан жоокерлер учкан окту капарына да алышпайт. Кандайдыр бир көнүмүш иш катары көрүшөт. Биздин делегация эми өз ишине киришти. Алдыңкы чектеги жоокерлерге чейин барып концерт коюп бердик. Мен Кыргызстандан үч айлык командировкага барган элем. Убактым бүткөн соң жоокерлердин катарында калууну чечтим. Бул жерде элиме, жериме көбүрөөк пайда келтирериме көзүм жетти.
© Фото / Республиканская библиотека для детей и юношества им. К. БаялиноваГазетные вырезки о Великой Отечественной войне

© Фото / Республиканская библиотека для детей и юношества им. К. Баялинова
Панфиловчулар да каршы болушкан жок. Ошентип гвардиячылардын катарына кошулдум. Салгылаштын тыныгууларында концерт беребиз. Кенедей убакыт боло калса медициналык санитардык батальонго барып жараат таңып, тез жардам берүүнү үйрөндүм, адистерден окудум. Көп убактарда баатырдын кызы Валя Панфилова менен чогуу болуп, согуштук күжүрмөн тапшырмаларды бирге аткардык. Мөндүрдөй жааган октун арасында жараат таңып, кыйын мүнөттө жоокерлердин жанында болдук.
Валя Панфилова менен дарыгер Нина Капрова Насва Великий Лук деген станцияда аябай кыйналышты. Ушул кичинекей станция үчүн болгон салгылашуу сегиз күнгө созулду. Баса, ал кезде советтик бир үзүм жер үчүн кан төккөнбүз. Дал ошол станцияда боордоштордун мүрзөсүн калтырдык. Ошол жерде курман болгон жоокерлер түбөлүк тынчтык, бейпил заман үчүн жан кыйышты. Ушул катуу салгылашуудан кийин Пушкин тоосун таянып, тыныгууга чыктык. Латвияны аралап, боордоштордун далай жерин жерин баскынчылардан бошоттук. Бул жеңиш оңойго турган жок. Дал ошол согуш майданында курбум Кынар Эралиева менен анын жолдошу Нуркалый Атамбаевди Латвиянын койнунда түбөлүккө калтырдык. Алар бүгүнкү тынчтык үчүн курман болушту. Жеңиш күнүн Кенигсберг (азыркы Калининград) шаарында тостум. Совет эли жеңишти, тынчтыктын туусун көтөргөн күнкү көңүлүбүздүн көккө учканын жаза да албайм. Мен 9-Май күнүн Берлинде өткөрдүм. Беш күн бою Рейхстагга туу сайган баатырлар менен чогуу болдум. Силер, жаштар, улуу муундардын эмгегинен жаралган жакшы иштерди улантасыңар. Ошондуктан заманыңарга татыктуу болуп өскүлө.