https://sputnik.kg/20250310/talgat-begeldinov-kyrgyzstandan-chykkan-sovetter-soyuzunun-baatyry-1092546918.html
Ок жааган майдандан аман чыгып... Советтер Союзунун Баатыры Талгат Бегелдинов
Ок жааган майдандан аман чыгып... Советтер Союзунун Баатыры Талгат Бегелдинов
Sputnik Кыргызстан
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата майданда эрдик көрсөтүп, Баатыр наамы ыйгарылган, Кыргызстандан чыккан каармандар тууралуу баянды... 10.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-10T16:08+0600
2025-03-10T16:08+0600
2025-03-10T16:45+0600
улуу ата мекендик согуштагы жеңишке 80 жыл
ссср
улуу ата мекендик согуш
улуу жеңиш
эрдик
эскерүү
учкуч
авиация
талгат бегелдинов
https://sputnik.kg/img/07e9/02/18/1092261052_0:351:1600:1251_1920x0_80_0_0_06e7868e429cf0d7ad267e14b46b94d6.jpg
Гвардиянын капитаны Талгат БегелдиновБегелдинов 1922-жылдын 5-августунда Акмоло облусунун (Казакстан) Коргалжын районуна караштуу Майбалык аймагында туулган. Балалыгы, өспүрүм курагы Фрунзе (азыркы Бишкек — ред.) шаарында өткөн. 1938-жылы Фрунзедеги аэроклубга тапшырып, эки жылдан кийин Кызыл Армияга чакырылат. Ал Балашовдогу учкучтардын аскердик авиация мектебинде (Батыш Саратов), андан кийин Оренбург шаарындагы аскердик авиациялык училищеде окуп, 1942-жылы аяктаган.Улуу Ата Мекендик согушка 1943-жылы январда жөнөйт. Ил-2 учагын айдаган. Советтер Союзунун Баатыры Степан Пошивальниковдун эскадрильясында кызмат өтөп, кийин анын орун басары болгон. 1944-жылдын 26-октябрында улук лейтенант Бегелдиновго Знаменка, Кировоград шаарларын бошотууда көрсөткөн эрдиги, абадагы кармашты душмандын төрт самолетун атып түшүргөндүгү үчүн Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган. 1944-жылдын күзүндө гвардиянын капитаны Бегелдинов гвардиянын штурм жасоочу 144-авиациялык полкунун капитаны болот.1945-жылы 24-июнда Улуу Жеңиш парадына катышат.Алтын Жылдыз медалы менен экинчи ирет 1945-жылдын 27-июнунда сыйланган. Ал эскадрильяны чеберчилик менен башкарганы жана Краков, Оппельн (азыркы Ополе — ред.), Катовице, Бреслау (азыркы Вроцлав — ред.) жана Берлин үчүн болгон салгылаштарда душмандын аскерлерин, техникаларын бомбалоодогу эрдиги үчүн сыйланган.Согуштагы эки жылда Бегелдинов душмандын жердеги аскерлерин камалоо үчүн 305 жолу учкан, асмандагы кармашта өзү жалгыз беш учакты (4 Мессершмитт Bf 109 жана бир Юнкерс Ju 87), ал эми кесиптештери менен эки самолетту атып түшүрүп, жерден душмандын бир топ аскери менен техникасын жок кылган.Согуштан кийин СССРдин Аскер-аба күчтөрүндө кызмат өтөөсүн уланткан. 1950-жылы Аскер-аба академиясын бүткөн. Украина ССРинин аймагындагы Аскер-аба күчтөрүнүн бөлүктөрүндө кызмат өтөгөн, андан соң Краснодардагы штурмандардын жогору офицердик мектебинде штабды жетектеген. 1956-жылы ден соолугуна байланыштуу отставкага кеткен. 1957-1970-жылдары жарандык авиацияда, тагыраагы, Казак ССРинин Жарандык авиациясында башкармалыктын төрагасы болуп иштеген. Алматы, Актөбе, Караганда, Костанай, Жамбыл, Усть-Каменогорск жана башка облустук борборлордо учуп-конуучу тилкелерди салуу боюнча иш алып барган.1968-жылы Бегелдинов Москвадагы инженердик-курулуш институтун сырттан аяктап, Казакстандын мамлекеттик курулуш системасында көп жыл эмгектенген. СССРдин Жогорку Советинин 2, 3 жана 12-чакырылышынын депутаты (1946-1954 жана 1989-1991) болгон. Согуштун майыптарына, жетимдерге жардам көрсөткөн Кайрымдуулук боюнча эл аралык фонддун президенти болгон. Алматы шаарында жашаган. Оренбургдагы Полбин атындагы учкучтардын авиациялык училищесинин ардактуу курсанты.2014-жылдын 10-ноябрында Алматыдагы "Кенсай-1" көрүстөнүнө коюлган.Материал ачык маалыматтардын, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана "Герои страны" сайтындагы материалдардын негизинде жазылды.
https://sputnik.kg/20250305/ataktuu-chek-arachy-zhamankul-zheenchoroyev-tuuraluu-1092462211.html
ссср
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/18/1092261052_0:201:1600:1401_1920x0_80_0_0_c3499a8357e7384df52eb4d770bf8d72.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
ссср, улуу ата мекендик согуш, улуу жеңиш, эрдик, эскерүү, учкуч, авиация, талгат бегелдинов
ссср, улуу ата мекендик согуш, улуу жеңиш, эрдик, эскерүү, учкуч, авиация, талгат бегелдинов
Ок жааган майдандан аман чыгып... Советтер Союзунун Баатыры Талгат Бегелдинов
16:08 10.03.2025 (Жаңыртылды: 16:45 10.03.2025) Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата майданда эрдик көрсөтүп, Баатыр наамы ыйгарылган, Кыргызстандан чыккан каармандар тууралуу баянды улантабыз.
Гвардиянын капитаны Талгат Бегелдинов
Бегелдинов 1922-жылдын 5-августунда Акмоло облусунун (Казакстан) Коргалжын районуна караштуу Майбалык аймагында туулган. Балалыгы, өспүрүм курагы Фрунзе (азыркы Бишкек — ред.) шаарында өткөн. 1938-жылы Фрунзедеги аэроклубга тапшырып, эки жылдан кийин Кызыл Армияга чакырылат. Ал Балашовдогу учкучтардын аскердик авиация мектебинде (Батыш Саратов), андан кийин Оренбург шаарындагы аскердик авиациялык училищеде окуп, 1942-жылы аяктаган.
Улуу Ата Мекендик согушка 1943-жылы январда жөнөйт. Ил-2 учагын айдаган. Советтер Союзунун Баатыры Степан Пошивальниковдун эскадрильясында кызмат өтөп, кийин анын орун басары болгон. 1944-жылдын 26-октябрында улук лейтенант Бегелдиновго Знаменка, Кировоград шаарларын бошотууда көрсөткөн эрдиги, абадагы кармашты душмандын төрт самолетун атып түшүргөндүгү үчүн Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган. 1944-жылдын күзүндө гвардиянын капитаны Бегелдинов гвардиянын штурм жасоочу 144-авиациялык полкунун капитаны болот.
1945-жылы 24-июнда Улуу Жеңиш парадына катышат.
Алтын Жылдыз медалы менен экинчи ирет 1945-жылдын 27-июнунда сыйланган. Ал эскадрильяны чеберчилик менен башкарганы жана Краков, Оппельн (азыркы Ополе — ред.), Катовице, Бреслау (азыркы Вроцлав — ред.) жана Берлин үчүн болгон салгылаштарда душмандын аскерлерин, техникаларын бомбалоодогу эрдиги үчүн сыйланган.
Согуштагы эки жылда Бегелдинов душмандын жердеги аскерлерин камалоо үчүн 305 жолу учкан, асмандагы кармашта өзү жалгыз беш учакты (4 Мессершмитт Bf 109 жана бир Юнкерс Ju 87), ал эми кесиптештери менен эки самолетту атып түшүрүп, жерден душмандын бир топ аскери менен техникасын жок кылган.
Согуштан кийин СССРдин Аскер-аба күчтөрүндө кызмат өтөөсүн уланткан. 1950-жылы Аскер-аба академиясын бүткөн. Украина ССРинин аймагындагы Аскер-аба күчтөрүнүн бөлүктөрүндө кызмат өтөгөн, андан соң Краснодардагы штурмандардын жогору офицердик мектебинде штабды жетектеген. 1956-жылы ден соолугуна байланыштуу отставкага кеткен. 1957-1970-жылдары жарандык авиацияда, тагыраагы, Казак ССРинин Жарандык авиациясында башкармалыктын төрагасы болуп иштеген. Алматы, Актөбе, Караганда, Костанай, Жамбыл, Усть-Каменогорск жана башка облустук борборлордо учуп-конуучу тилкелерди салуу боюнча иш алып барган.
1968-жылы Бегелдинов Москвадагы инженердик-курулуш институтун сырттан аяктап, Казакстандын мамлекеттик курулуш системасында көп жыл эмгектенген. СССРдин Жогорку Советинин 2, 3 жана 12-чакырылышынын депутаты (1946-1954 жана 1989-1991) болгон. Согуштун майыптарына, жетимдерге жардам көрсөткөн Кайрымдуулук боюнча эл аралык фонддун президенти болгон. Алматы шаарында жашаган. Оренбургдагы Полбин атындагы учкучтардын авиациялык училищесинин ардактуу курсанты.
2014-жылдын 10-ноябрында Алматыдагы "Кенсай-1" көрүстөнүнө коюлган.
Материал ачык маалыматтардын, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана "Герои страны" сайтындагы материалдардын негизинде жазылды.