Кыргызстандык жаш кинематографисттер Россиядагы билим берүү форумуна катышууда
Кыргызстандык жаш кинематографисттер Россиядагы билим берүү форумуна катышууда
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Россияда өтүп жаткан "Кино лабораториясы" форумуна кыргызстандыктар да катышууда. Бул тууралуу "Евразия" уюмунан кабарлашты. 16.03.2025, Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Россияда өтүп жаткан "Кино лабораториясы" форумуна кыргызстандыктар да катышууда. Бул тууралуу "Евразия" уюмунан кабарлашты.Иш-чара 20-мартка чейин "Победа 9/45" эл аралык кыймылынын алкагында өткөрүлөт. Максаты — жаштарга Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу тасмаларды жаратууга жардам берүү. Анын ачылышына Мамдуманын вице-спикери, "Жеңиш 9/45" кыймылынын уюштуруу комитетинин төрагасы Борис Чернышов катышты.Форумда Абхазия, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Тажикстан жана Өзбекстандан келген 150дөн ашуун кинематографист согуш жылдарындагы эрдиктерди киного түшүрүүнү үйрөнүшөт.Катышуучулар үчүн мастер-класстар, лекциялар, практикалык сабактар уюштурулат. Ошондой эле алар 1957-жылы тартылган Михаил Калатозовдун "Кунастар учуп баратышат" көркөм тасмасын көрүшөт. Аларга кино тарыхы боюнча сабактарды Россиянын эмгек сиңирген маданият ишмерлери өтөт.Кинематографисттер Улуу Ата Мекендик согуштун эстеликтерин чагылдырган видеоролик жаратуу боюнча сынакка катыша алышат. Анын жыйынтыктары 9-Май — Жеңиштин 80 жылдыгында жарыяланат.Жаштар Кызыл аянтка барып, Өчпөс отко гүл коюп, баатырларды эскергенден кийин иш-чара жыйынтыкталары айтылды.АНО "Евразия" — эл аралык кызматташууну өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү коммерциялык эмес автономдуу уюм. Ал гуманитардык долбоорлорду ишке ашырат жана салттуу баалуулуктарды сактоого, улуттар аралык байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган. "Евразия" маанилүү коомдук демилгелерди колдоп, ар түрдүү маданияттагы адамдарга өз ара баарлашууга мүмкүнчүлүк түзүп, билим берүү, медицина, жаштардын алмашуусу жаатындагы долбоорлорду өнүктүрөт. Негизги багыттарынын бири — мектеп окуучуларын, студенттерди жана жаш адистерди колдоо. Долбоорлордун катарына билим берүү программалары, тажрыйба алмашуу, ири мамлекеттик компанияларда стажировкадан өтүү, медиамектеп кирет. Ошондой эле "Евразия" долбоору мугалимдер үчүн кесиптик аянтчаларды жана форумдарды, журналисттер менен блогерлерге гранттарды, тарых жана маданиятты сактоо боюнча долбоорлорду колдоону камтыйт.
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Россияда өтүп жаткан "Кино лабораториясы" форумуна кыргызстандыктар да катышууда. Бул тууралуу "Евразия" уюмунан кабарлашты.
Иш-чара 20-мартка чейин "Победа 9/45" эл аралык кыймылынын алкагында өткөрүлөт. Максаты — жаштарга Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу тасмаларды жаратууга жардам берүү. Анын ачылышына Мамдуманын вице-спикери, "Жеңиш 9/45" кыймылынын уюштуруу комитетинин төрагасы Борис Чернышов катышты.
Форумга Абхазия, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Тажикстан жана Өзбекстандан 150дөн ашуун кинематографист келген
Форумда Абхазия, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Тажикстан жана Өзбекстандан келген 150дөн ашуун кинематографист согуш жылдарындагы эрдиктерди киного түшүрүүнү үйрөнүшөт.
Катышуучулар үчүн мастер-класстар, лекциялар, практикалык сабактар уюштурулат. Ошондой эле алар 1957-жылы тартылган Михаил Калатозовдун "Кунастар учуп баратышат" көркөм тасмасын көрүшөт. Аларга кино тарыхы боюнча сабактарды Россиянын эмгек сиңирген маданият ишмерлери өтөт.
Кинематографисттер Улуу Ата Мекендик согуштун эстеликтерин чагылдырган видеоролик жаратуу боюнча сынакка катыша алышат. Анын жыйынтыктары 9-Май — Жеңиштин 80 жылдыгында жарыяланат.
Жаштар Кызыл аянтка барып, Өчпөс отко гүл коюп, баатырларды эскергенден кийин иш-чара жыйынтыкталары айтылды.
АНО "Евразия" — эл аралык кызматташууну өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү коммерциялык эмес автономдуу уюм. Ал гуманитардык долбоорлорду ишке ашырат жана салттуу баалуулуктарды сактоого, улуттар аралык байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган. "Евразия" маанилүү коомдук демилгелерди колдоп, ар түрдүү маданияттагы адамдарга өз ара баарлашууга мүмкүнчүлүк түзүп, билим берүү, медицина, жаштардын алмашуусу жаатындагы долбоорлорду өнүктүрөт. Негизги багыттарынын бири — мектеп окуучуларын, студенттерди жана жаш адистерди колдоо. Долбоорлордун катарына билим берүү программалары, тажрыйба алмашуу, ири мамлекеттик компанияларда стажировкадан өтүү, медиамектеп кирет. Ошондой эле "Евразия" долбоору мугалимдер үчүн кесиптик аянтчаларды жана форумдарды, журналисттер менен блогерлерге гранттарды, тарых жана маданиятты сактоо боюнча долбоорлорду колдоону камтыйт.