https://sputnik.kg/20250318/achyk-kosmos-leonov-zhana-belyayev-1092717410.html
Ачык космоско чыккан Леонов, системаны кол менен иштеткен Беляев. Тарыхый видео
Ачык космоско чыккан Леонов, системаны кол менен иштеткен Беляев. Тарыхый видео
Sputnik Кыргызстан
Жер чынында тоголок экен да! Космос кемесинен ачык космоско чыгууга камынып, люкту ачкан Алексей Леоновдун биринчи сөзү ушундай болгон. 18.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-18T21:32+0600
2025-03-18T21:32+0600
2025-03-18T21:32+0600
ссср
алексей леонов
космос
кеме
баатыр
видео
павел беляев
https://sputnik.kg/img/07e9/03/12/1092717244_0:0:1000:563_1920x0_80_0_0_f3568ec0c59740c8a891b620dd1c238c.jpg
"Киши ачык космосто жүрө алабы деген суроого жооп беришибиз зарыл. Ал жерде жөн эле жүрбөстөн, иштей да алат! Космос кемесиндеги киши океандагы моряк сымал космос мейкиндигинде сүзүшү да керек", — деп башкы конструктор Сергей Королев космонавттардын алдына бир катар милдеттерди койгон.СССРдин учкучу Леонов ачык космосто 12 мүнөт 9 секунд болгон. Кемеден беш ирет 5,35 метрдей алыстап көргөн.Кайра кайтыш керек деген тапшырманы алган Леонов кабинага дароо кирип кете алган эмес, басым ар түрдүү болгондуктан бир нече ирет аракет кылып, люктун шлюзунан бата албай койгон. Кырдаал бир топ чыңала түшкөн, себеби кычкылтек болгону 20 мүнөткө гана жеткидей эле.Ал Жер менен байланышып уруксат албастан, тобокелге салып өз алдынча скафандрдагы басымды авариялык абалга чейин азайткан. Дагы бир ирет аракет кылып, шлюзга алгач башын салган, негизи эреже боюнча бут жагы менен кириши керек эле..."Восход-2нин" учушу адамзаттын ачык космоско чыгышы менен эле эмес, Жерге кондура турган башкаруу системасынын иштебей калышы менен тарыхка жазылды. Себеби автоматтык система менен башкарууга болбой, башкача айтканда, иштебей калып, космос кемесинин командири Павел Беляев капсуланы кол менен башкарып, космонавттар тайгага конгон. Экөө — Беляев менен Леонов түшкөн жеринде эки сутка калып калган. Аларды үчүнчү суткада гана Байкоңурга эвакуция кылып алып кетишкен.Павел Беляев менен Алексей Леоновго космостук бул сапары үчүн Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган.
ссср
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/12/1092717244_0:0:1000:751_1920x0_80_0_0_3352ee0af0f538ab1190b683b5c4bd27.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
ссср, алексей леонов, космос, кеме, баатыр, видео, павел беляев, видео
ссср, алексей леонов, космос, кеме, баатыр, видео, павел беляев, видео
Ачык космоско чыккан Леонов, системаны кол менен иштеткен Беляев. Тарыхый видео
Жер чынында тоголок экен да! Космос кемесинен ачык космоско чыгууга камынып, люкту ачкан Алексей Леоновдун биринчи сөзү ушундай болгон.
"Киши ачык космосто жүрө алабы деген суроого жооп беришибиз зарыл. Ал жерде жөн эле жүрбөстөн, иштей да алат! Космос кемесиндеги киши океандагы моряк сымал космос мейкиндигинде сүзүшү да керек", — деп башкы конструктор Сергей Королев космонавттардын алдына бир катар милдеттерди койгон.
СССРдин учкучу Леонов ачык космосто 12 мүнөт 9 секунд болгон. Кемеден беш ирет 5,35 метрдей алыстап көргөн.
Кайра кайтыш керек деген тапшырманы алган Леонов кабинага дароо кирип кете алган эмес, басым ар түрдүү болгондуктан бир нече ирет аракет кылып, люктун шлюзунан бата албай койгон. Кырдаал бир топ чыңала түшкөн, себеби кычкылтек болгону 20 мүнөткө гана жеткидей эле.
Ал Жер менен байланышып уруксат албастан, тобокелге салып өз алдынча скафандрдагы басымды авариялык абалга чейин азайткан. Дагы бир ирет аракет кылып, шлюзга алгач башын салган, негизи эреже боюнча бут жагы менен кириши керек эле...
"Восход-2нин" учушу адамзаттын ачык космоско чыгышы менен эле эмес, Жерге кондура турган башкаруу системасынын иштебей калышы менен тарыхка жазылды. Себеби автоматтык система менен башкарууга болбой, башкача айтканда, иштебей калып, космос кемесинин командири Павел Беляев капсуланы кол менен башкарып, космонавттар тайгага конгон. Экөө — Беляев менен Леонов түшкөн жеринде эки сутка калып калган. Аларды үчүнчү суткада гана Байкоңурга эвакуция кылып алып кетишкен.
Павел Беляев менен Алексей Леоновго космостук бул сапары үчүн Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган.