https://sputnik.kg/20250318/sadyr-zhaparov-shku-sayasat-1092715821.html
Садыр Жапаров ШКУнун башкы катчысы Нурлан Ермекбаевди кабыл алды
Садыр Жапаров ШКУнун башкы катчысы Нурлан Ермекбаевди кабыл алды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров ШКУнун башкы катчысы Нурлан Ермекбаевди кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан... 18.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-18T17:08+0600
2025-03-18T17:08+0600
2025-03-18T17:09+0600
кыргызстан
садыр жапаров
шку
саясат
нурлан ермекбаев
https://sputnik.kg/img/07e9/03/12/1092715341_0:0:1281:721_1920x0_80_0_0_b6988e391bb829c5d92e818391460451.jpg
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров ШКУнун башкы катчысы Нурлан Ермекбаевди кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.Мамлекет башчы Ермекбаевди кызматка киришүүсү менен куттуктап, ШКУнун регионалдык державалардын ортосундагы диалог үчүн уникалдуу платформа экенин белгиледи.Жапаровдун айтымында, күзүндө ШКУга төрагалык кылуу — Кыргызстан үчүн маанилүү окуялардын бири.ШКУнун алкагында кызматташуунун негизги артыкчылыктары тууралуу айтып жатып, мамлекет башчысы соода-экономикалык жана транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүнү белгиледи. Бул контекстте натыйжалуу финансылык механизмдерди, атап айтканда, ШКУ Өнүктүрүү банкын түзүү маанилүү.Мындан тышкары, Кыргызстан Бишкекте жайгаша турган Эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборун түзүү боюнча сунуш киргизди.
https://sputnik.kg/20250313/zhkku-shku-koopsuzduk-chek-ara-1092617238.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/12/1092715341_6:0:1137:848_1920x0_80_0_0_ae36343aad0e1ccc953230ca86062373.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, садыр жапаров, шку, саясат, нурлан ермекбаев
кыргызстан, садыр жапаров, шку, саясат, нурлан ермекбаев
Садыр Жапаров ШКУнун башкы катчысы Нурлан Ермекбаевди кабыл алды
17:08 18.03.2025 (Жаңыртылды: 17:09 18.03.2025) БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров ШКУнун башкы катчысы Нурлан Ермекбаевди кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Мамлекет башчы Ермекбаевди кызматка киришүүсү менен куттуктап, ШКУнун регионалдык державалардын ортосундагы диалог үчүн уникалдуу платформа экенин белгиледи.
Жапаровдун айтымында, күзүндө ШКУга төрагалык кылуу — Кыргызстан үчүн маанилүү окуялардын бири.
ШКУнун алкагында кызматташуунун негизги артыкчылыктары тууралуу айтып жатып, мамлекет башчысы соода-экономикалык жана транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүнү белгиледи. Бул контекстте натыйжалуу финансылык механизмдерди, атап айтканда, ШКУ Өнүктүрүү банкын түзүү маанилүү.
Мындан тышкары, Кыргызстан Бишкекте жайгаша турган Эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборун түзүү боюнча сунуш киргизди.