Жол эрежелерин одоно бузган автобустун 20 айдоочусу иштен алынды
Жазылуу
"Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын жетекчисинин орун басары Азамат Тукубаев жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында автобустун айдоочуларын текшерүү жума сайын жүргүзүлүп жатканын айтты.
Быйыл январь жана февраль айларында жол эрежелерин одоно бузган коомдук транспорттун 20 айдоочусу иштен алынды. Ал эми 267 айдоочу сый акысынын 20 пайызынан ажыратылды. Бул тууралуу Азамат Тукубаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Жол эрежелерин одоно бузган автобустун 20 айдоочусу иштен алынды
Анын айтымында, талаптарды сактабаган айдоочуларга карата чаралар жол кырсыктарын азайтып, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылууга багытталган.
"Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын негизги максаты — шаар тургундарын жана конокторун коомдук транспорт менен камсыздоо, ошондой эле жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун сактоо менен бирге ыңгайлуулугуна шарт түзүү. Бул милдетти аткаруу үчүн ишкананын кызматкерлери ар аптада жүргүнчүлөр көп топтолгон аялдамаларда текшерүү жүргүзүшөт. Мында автобустун айдоочуларынын жол эрежесин сактоосу, аялдамага туура токтоосу, накталай төлөм боюнча талон берген-бербегени, ошондой эле сырткы келбети, кийими жана өзүн алып жүрүү маданияты текшерилет. Учурда болжол менен 145-160 текшерүүчү 28 аялдаманы көзөмөлдөп жатат. Жыл башынан бери жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн натыйжасында 267 айдоочуга тартиптик чаралар көрүлдү. Анын ичинен 71 айдоочу аялдамага туура эмес токтогону үчүн сый акысынын 20 пайызынан ажыратылды. Ал эми 67 айдоочунун кийими талапка жооп бербегендиги үчүн жазаланып, алардын да сый акысынын 20 пайызы кармалды. Мындан тышкары, "Менин шаарым" мобилдик тиркемесиндеги GPS системасы боюнча мыйзамсыз аракеттери аныкталган 129 айдоочу катталды. Жол эрежелерин одоно бузган 20 айдоочу иштен алынды. Алар иштен бошотулуп эле тим болбостон, кийин бул ишканага жумушка алынбай турган болду. Бул үчүн кара тизме түзүлүп, эртеңки күнү ишканада жетекчи алмашса да алар менен эмгек келишими түзүлбөйт" , — деди Тукубаев.
Ал ошондой эле 2024-жылы муниципалдык автобустардын 537 айдоочусу иштен алынып, кара тизмеге киргизилгенин кошумчалады.