https://sputnik.kg/20250319/kamchybek-tashiyev-ukmk-chek-ara-dostuk-ayyly-1092734005.html
Ташиев Достук айылынын Тажикстанга өтүшүнүн себебин түшүндүрдү
Ташиев Достук айылынын Тажикстанга өтүшүнүн себебин түшүндүрдү
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен районундагы Достук айылынын Тажикстанга өтүшүнүн себебин түшүндүрдү. 19.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-19T12:39+0600
2025-03-19T12:39+0600
2025-03-19T12:58+0600
кыргызстан
камчыбек ташиев
укмк
чек ара
достук айылы
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/05/1090623562_0:163:1631:1080_1920x0_80_0_0_702655c83019b6297909f7cf1ce31a1f.jpg
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен районундагы Достук айылынын Тажикстанга өтүшүнүн себебин түшүндүрдү.Анын айтымында, Достукка суу толугу менен Тажикстандан келип, айыл толугу менен коңшу өлкөдөн көз каранды. Ал эми айылга жакынкы калктуу конуш болгон Кызыл-Белге чейин 20 чакырым, Баткенге чейин 30 чакырым аралык бар.Ошондой эле ал Достуктун тургундары үчүн 71 кожолукка Чет-Булактан 30 сотыхтан (10 сотых жери Кызыл-Белде) жер берилип, анын 10 сотыхына мамлекет үй салып берерин эске салды.Белгилей кетсек, 31 гектар жерди ээлеген Достук айылы чек араны тактоо маалында толугу менен Тажикстанга берилип, ордуна компенсациясы менен жалпы 121 гектар жер алынган.
https://sputnik.kg/20250319/kamchybek-tashiyev-ukmk-chek-ara-1092730257.html
достук айылы
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/05/1090623562_0:0:1440:1080_1920x0_80_0_0_57133b12d8957101b844ad67fb2905f2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, камчыбек ташиев, укмк, чек ара, достук айылы
кыргызстан, камчыбек ташиев, укмк, чек ара, достук айылы
Ташиев Достук айылынын Тажикстанга өтүшүнүн себебин түшүндүрдү
12:39 19.03.2025 (Жаңыртылды: 12:58 19.03.2025) БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен районундагы Достук айылынын Тажикстанга өтүшүнүн себебин түшүндүрдү.
Анын айтымында, Достукка суу толугу менен Тажикстандан келип, айыл толугу менен коңшу өлкөдөн көз каранды. Ал эми айылга жакынкы калктуу конуш болгон Кызыл-Белге чейин 20 чакырым, Баткенге чейин 30 чакырым аралык бар.
"Айылда туруктуу жашаган 30-40 үй-бүлө чек ара жабылса тажик тарапка өтө албайт, дайыма Кызыл-Белге же Баткенге каттаганга туура келмек, кийинки муунга кыйын болмок. Ооба, ичиң ачышат. Бирок кийинки муундун келечегине жакшы болот, жакшы шарттар түзүлөт. Ал жерде жаңжалда менин 10 аскерим каза болгон. Менин да жүрөгүм ооруп турат... Бирок келечек муун үчүн муну чечишибиз керек эле", — деди Ташиев.
Ошондой эле ал Достуктун тургундары үчүн 71 кожолукка
Чет-Булактан 30 сотыхтан (10 сотых жери Кызыл-Белде) жер берилип, анын 10 сотыхына мамлекет үй салып берерин эске салды.
Белгилей кетсек, 31 гектар жерди ээлеген Достук айылы чек араны тактоо маалында
толугу менен Тажикстанга берилип, ордуна компенсациясы менен жалпы 121 гектар жер алынган.