https://sputnik.kg/20250319/ukmk-adakhan-madumarov-chek-ara-1092735798.html
Жогорку Кеңеште Адахан Мадумаровдун "чыккынчылыгы" эмнеде экени айтылды
Жогорку Кеңеште Адахан Мадумаровдун "чыккынчылыгы" эмнеде экени айтылды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Адахан Мадумаровду азыр дагы алып келип камап койсо болот. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңеште айтты. 19.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-19T13:42+0600
2025-03-19T13:42+0600
2025-03-19T15:27+0600
кыргызстан
укмк
адахан мадумаров
чек ара
камчыбек ташиев
https://sputnik.kg/img/07e6/02/01/1061712956_2:0:3643:2048_1920x0_80_0_0_c24f7a1d7754355240c099e892132d32.jpg
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Адахан Мадумаровду азыр дагы алып келип камап койсо болот. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңеште айтты.Ал белгилегендей, Мадумаров 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда "Төрт-Көчөнү 49 жылга ижарага алабыз" деген протоколго кол коюп, ал тажиктерге тиешелүү деген сыяктуу бүтүмгө ишарат кылган. Натыйжада аны тажик тарап сүйлөшүүлөрдө басым катары колдонгон.Ошондой эле УКМК төрагасы 2009-жылы кол коюлган протокол боюнча кыргыз тарап курган көпүрө дагы коңшу өлкөгө өтүп кеткенин айтып, 3-4 айлык сүйлөшүүлөрдөн кийин гана көпүрө толугу менен кыргыз тарапта калганын кошумчалады.Учурда Жогорку Кеңеште 13-мартта Бишкекте кол коюлган "Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу", "Автомобиль жолдорун куруу жана пайдалануу, автомобиль жолдорунун кесилишин жабдуу жана пайдалануу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу", "Суу чарба жана энергетика объектилерине жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоорлору каралууда. Бул боюнча УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев баяндама жасап жатат.
https://sputnik.kg/20250319/kamchybek-tashiyev-ukmk-chek-ara-1092730257.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/02/01/1061712956_457:0:3188:2048_1920x0_80_0_0_5e8cf06b39807b52aff8073102fa8318.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, укмк, адахан мадумаров, чек ара, камчыбек ташиев
кыргызстан, укмк, адахан мадумаров, чек ара, камчыбек ташиев
Жогорку Кеңеште Адахан Мадумаровдун "чыккынчылыгы" эмнеде экени айтылды
13:42 19.03.2025 (Жаңыртылды: 15:27 19.03.2025) БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Адахан Мадумаровду азыр дагы алып келип камап койсо болот. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңеште айтты.
Ал белгилегендей, Мадумаров 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда "Төрт-Көчөнү 49 жылга ижарага алабыз" деген протоколго кол коюп, ал тажиктерге тиешелүү деген сыяктуу бүтүмгө ишарат кылган. Натыйжада аны тажик тарап сүйлөшүүлөрдө басым катары колдонгон.
"Дача — Капчыгай жолу нейтралдуу болду. Ошонун негизинде Төрт-Көчө жана Миң-Өрүк — Самаркандек жолун нейтралдуу кылдык. Төрт-Көчө боюнча мурдагы жетекчилер ката кетирген. Адахан Мадумаров Курманбек Бакиевдин буйругун аткаргам деп жатат. Биринчиден, анын кол коюуга укугу болгон эмес. Экинчиден, ошол жолду алардыкы катары моюнга алып, ката кетиришкен. Ошол эле учурда Хожаи-Аало — Ворух жолун нейтралдуу кылуу сунушун киргизген эмес. Бул стратегиялык ката болгон. Ошондон улам көптөгөн жоокерлер жана жарандар каза болду. Ушундан улам Адахан Мадумаровго "чыккынчылык" беренеси менен иш козголгон. Аны азыр дагы камап койсо болот, анткени ал берене эскирбейт", — деди Ташиев.
Ошондой эле УКМК төрагасы 2009-жылы кол коюлган протокол боюнча кыргыз тарап курган көпүрө дагы коңшу өлкөгө өтүп кеткенин айтып, 3-4 айлык сүйлөшүүлөрдөн кийин гана көпүрө толугу менен кыргыз тарапта калганын кошумчалады.
Учурда Жогорку Кеңеште 13-мартта Бишкекте кол коюлган "Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу", "Автомобиль жолдорун куруу жана пайдалануу, автомобиль жолдорунун кесилишин жабдуу жана пайдалануу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу", "Суу чарба жана энергетика объектилерине жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоорлору каралууда. Бул боюнча УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев баяндама жасап жатат.