https://sputnik.kg/20250319/ukraina-maselesindegi-kepke-keluunun-detaldary-zhiddada-talkuulanuuda-1092728024.html
АКШ: Украина маселесиндеги кепке келүүнүн бардык тараптары Жиддада сүйлөшүлөт
АКШ: Украина маселесиндеги кепке келүүнүн бардык тараптары Жиддада сүйлөшүлөт
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Украинадагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүнүн кээ бир жагдайлары жекшемби күнү Сауд Арабияда талкууланып, иштелип чыгат. Бул... 19.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-19T10:33+0600
2025-03-19T10:33+0600
2025-03-19T10:33+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
акш
россия
стив уиткофф
сүйлөшүүлөр
жидда шаары
https://sputnik.kg/img/07e7/07/13/1077141822_0:271:2835:1866_1920x0_80_0_0_98b32c466df3c0fec9e766c9fab4df16.jpg
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Украинадагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүнүн кээ бир жагдайлары жекшемби күнү Сауд Арабияда талкууланып, иштелип чыгат. Бул туурасында АКШнын атайын өкүлү Стив Уиткофф Fox News телеканалына билдиргенин РИА Новости жазды.Уиткоффтун айтымында, АКШнын президенти Дональд Трамп Россия лидери Владимир Путин менен сүйлөшүп жатканда эки тарапка тең туруктуу жана түбөлүк тынчтык керектигин баса белгилеген. Чабарман муну Россия да колдогондугун кошумчалаган. Америка лидеринин атайын өкүлү элдешүү келишими энергетикалык объектилерге эле эмес, жалпы инфраструктурага да сокку урууну токтотуу маселесин камтый турганын айткан."Бул энергетикага эле эмес, жалпы инфраструктурага тиешелүү. Ал 30 күндүк кепке келүүнүн бөлүгү болмокчу", — деген Уиткофф.Муну менен катар эле ал тараптар бул жаатта да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандыгын белгиледи.Эске салсак, кечээ эки президент телефондон эки сааттан ашуун сүйлөшүп, бир катар маселелерге токтолгон. Дүйнөлүк ЖМКлар баарлашуу "абдан жакшы" өткөнүн кабарлады. Кремль менен Ак үй билдирүү таратып, Россия менен АКШнын мамилесинин келечеги "ири экономикалык келишимдерди" жана геосаясий стабилдүүлүктү камтый турганын белгилешти.
https://sputnik.kg/20250316/uolc-ukraina-tuuraluu-1092679502.html
акш
жидда шаары
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/07/13/1077141822_32:0:2552:1890_1920x0_80_0_0_b6779f9fe1dd68f32bc2d9b025dd8ba9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, россия, стив уиткофф, сүйлөшүүлөр, жидда шаары
дүйнөдө, акш, россия, стив уиткофф, сүйлөшүүлөр, жидда шаары
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Украинадагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүнүн кээ бир жагдайлары жекшемби күнү Сауд Арабияда талкууланып, иштелип чыгат. Бул туурасында АКШнын атайын өкүлү Стив Уиткофф Fox News телеканалына билдиргенин
РИА Новости жазды.
"Албетте, бир катар жерлерин аягына чейин иштеп чыгышыбыз керек, иш жекшембиде Жидда шаарында башталат. Мындан соң согушту толугу менен токтотууга өтөбүз. Ага жетиш үчүн зарыл болуп турган кечээки сүйлөшүү эң сонун өттү", — деген ал.
Уиткоффтун айтымында, АКШнын президенти Дональд Трамп Россия лидери Владимир Путин менен сүйлөшүп жатканда эки тарапка тең туруктуу жана түбөлүк тынчтык керектигин баса белгилеген. Чабарман муну Россия да колдогондугун кошумчалаган. Америка лидеринин атайын өкүлү элдешүү келишими энергетикалык объектилерге эле эмес, жалпы инфраструктурага да сокку урууну токтотуу маселесин камтый турганын айткан.
"Бул энергетикага эле эмес, жалпы инфраструктурага тиешелүү. Ал 30 күндүк кепке келүүнүн бөлүгү болмокчу", — деген Уиткофф.
Муну менен катар эле ал тараптар бул жаатта да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандыгын белгиледи.
Эске салсак, кечээ эки президент телефондон эки сааттан ашуун сүйлөшүп,
бир катар маселелерге токтолгон. Дүйнөлүк ЖМКлар баарлашуу "абдан жакшы" өткөнүн кабарлады. Кремль менен Ак үй билдирүү таратып, Россия менен АКШнын мамилесинин келечеги "ири экономикалык келишимдерди" жана геосаясий стабилдүүлүктү камтый турганын белгилешти.