https://sputnik.kg/20250401/stepan-ovcharov-kyrgyzstandan-chykkan-sovetter-soyuzunun-baatyry-1093049602.html
Кыргызстандан аттанып, СССР Баатыры болгон Степан Овчаров тууралуу баян
Кыргызстандан аттанып, СССР Баатыры болгон Степан Овчаров тууралуу баян
Sputnik Кыргызстан
Sputnik Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата майданда эрдик көрсөтүп Баатыр наамы ыйгарылган, Кыргызстандан аттанган каарман жоокерлер... 01.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-01T20:07+0600
2025-04-01T20:07+0600
2025-04-01T20:07+0600
улуу ата мекендик согуштагы жеңишке 80 жыл
ссср
кыргызстан
улуу ата мекендик согуш
эрдик
командир
аткыч
степан овчаров
https://sputnik.kg/img/07e9/02/1c/1092353368_0:216:700:610_1920x0_80_0_0_0aa1053d11a3783265be55f651d66394.jpg
Гвардиянын сержанты Степан ОвчаровАл 1909-жылы Уфа губерниясынын Новоконстантиновка (азыркы Элшей району, Башкыртстан) кыштагында туулган.1941-жылы сентябрда Токмок райондук аскер комиссариаты тарабынан Кызыл Армиянын катарына чакырылат. 1942-жылы 197-гвардиялык артиллериялык полктун 4-батареясынын командири (37-армиянын 92-гвардиялык аткычтар дивизиясынын) болот. 1942-жылдын 26-ноябрынан 1943-жылдын 19-июлуна чейин Воронеж фронтунда жаракат алган.1943-жылдын 8-октябрында өзүнүн аткычтар бөлүгү менен Днепрди кечип өтөт. Жөө аскерлердин чабуулун ок жаадырып колдоп турган. Овчаровдун жоокерлери душмандын эки пехотасына чейинки сандагы аскерлерин, үч ири замбирегин, пулемет жайгашкан эки жерин жана эки дзотун жок кылган. 1943-жылдын 14-октябрында алар душмандардын алдыңкы күчтөрү менен айыгышкан кармашта каармандыгын көрсөтүшкөн, танка менен коюлган чабуулдун мизин кайтарып, фашисттердин эки "Тигр" танкасын талкалай атышкан. Башка аскерлер курман болгондон кийин замбиректен өзү ата баштап, дагы эки танканы иштен чыгарат. Акырында фашисттердин курчоосунда калып, акыркы снарядга чейин колдонуп жатып, баатырдык менен курман болот.Каарман жоокердин сөөгү Верхнеднепровск районундагы Калужино кыштагынын (Украина) аймагына коюлган.СССРдин Жогорку Кеңешинин президиумунун жарлыгы менен 1944-жылы "Днепрден өткөндө оң жээктеги согуштук ийгилиги, көрсөткөн каармандыгы жана эрдиги, немецтик-фашисттик баскынчылар менен кармашта командачылыктын тапшырмаларын үлгүлүү аткаргандыгы үчүн" гвардиянын сержанты Степан Овчаровго курман болгондон кийин Советтер Союзунун Баатыры наамы жана Ленин ордени ыйгарылган.Кыргызстандын Токмок шаарынын көчөлөрүнүн бирине Степан Овчаровдун ысымы берилген, ал эми Днепровокаменка айылына, Элшей районундагы Раевск кыштагына (Башкыртстан) эстелиги тургузулган.Материал ачык маалыматтардын, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана "Герои страны" сайтындагы материалдардын негизинде жазылды.
https://sputnik.kg/20250331/mihail-sapozhnikov--kyrgyzstandan-chykkan-sovetter-soyuzunun-baatyry-1093023008.html
ссср
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/1c/1092353368_0:151:700:676_1920x0_80_0_0_966d661b95fe31b8150e7a10a9f57fba.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
ссср, кыргызстан, улуу ата мекендик согуш, эрдик, командир, аткыч, степан овчаров
ссср, кыргызстан, улуу ата мекендик согуш, эрдик, командир, аткыч, степан овчаров
Кыргызстандан аттанып, СССР Баатыры болгон Степан Овчаров тууралуу баян
Sputnik Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата майданда эрдик көрсөтүп Баатыр наамы ыйгарылган, Кыргызстандан аттанган каарман жоокерлер боюнча баяндоосун улантат.
Гвардиянын сержанты Степан Овчаров
Ал 1909-жылы Уфа губерниясынын Новоконстантиновка (азыркы Элшей району, Башкыртстан) кыштагында туулган.
1941-жылы сентябрда Токмок райондук аскер комиссариаты тарабынан Кызыл Армиянын катарына чакырылат. 1942-жылы 197-гвардиялык артиллериялык полктун 4-батареясынын командири (37-армиянын 92-гвардиялык аткычтар дивизиясынын) болот. 1942-жылдын 26-ноябрынан 1943-жылдын 19-июлуна чейин Воронеж фронтунда жаракат алган.
1943-жылдын 8-октябрында өзүнүн аткычтар бөлүгү менен Днепрди кечип өтөт. Жөө аскерлердин чабуулун ок жаадырып колдоп турган. Овчаровдун жоокерлери душмандын эки пехотасына чейинки сандагы аскерлерин, үч ири замбирегин, пулемет жайгашкан эки жерин жана эки дзотун жок кылган. 1943-жылдын 14-октябрында алар душмандардын алдыңкы күчтөрү менен айыгышкан кармашта каармандыгын көрсөтүшкөн, танка менен коюлган чабуулдун мизин кайтарып, фашисттердин эки "Тигр" танкасын талкалай атышкан. Башка аскерлер курман болгондон кийин замбиректен өзү ата баштап, дагы эки танканы иштен чыгарат. Акырында фашисттердин курчоосунда калып, акыркы снарядга чейин колдонуп жатып, баатырдык менен курман болот.
Каарман жоокердин сөөгү Верхнеднепровск районундагы Калужино кыштагынын (Украина) аймагына коюлган.
СССРдин Жогорку Кеңешинин президиумунун жарлыгы менен 1944-жылы "Днепрден өткөндө оң жээктеги согуштук ийгилиги, көрсөткөн каармандыгы жана эрдиги, немецтик-фашисттик баскынчылар менен кармашта командачылыктын тапшырмаларын үлгүлүү аткаргандыгы үчүн" гвардиянын сержанты Степан Овчаровго курман болгондон кийин Советтер Союзунун Баатыры наамы жана Ленин ордени ыйгарылган.
Кыргызстандын Токмок шаарынын көчөлөрүнүн бирине Степан Овчаровдун ысымы берилген, ал эми Днепровокаменка айылына, Элшей районундагы Раевск кыштагына (Башкыртстан) эстелиги тургузулган.
Материал ачык маалыматтардын, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана "
Герои страны" сайтындагы материалдардын негизинде жазылды.