Жалал-Абад: Сузакта 100 гектар жерге токой отургузулду
Жалал-Абад: Сузакта 100 гектар жерге токой отургузулду
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Жалал-Абадда Камчыбек Ташиев демилгелеген ири жашылдандыруу өнөктүгү башталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. 01.04.2025, Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Жалал-Абадда Камчыбек Ташиев демилгелеген ири жашылдандыруу өнөктүгү башталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.Маалыматка ылайык, иш-чара "Жашыл мурас" долбоорунун алкагында жүрүүдө.Кечээ Барпы айыл аймагындагы 100 гектар адырга 40 миң көчөт (жаңгак, мисте, бадам, алма, карагай, өрүк) отургузулган. Алар тамыр алышы үчүн израилдик заманбап сугат системасы орнотулууда. Жабдууну Түркиядан келген адистер ишке киргизип берет.Көчөттөр отургузулуп бүткөндөн кийин ал жер толугу менен Кара-Алма токой чарбасына өткөрүп берилери айтылды.
Маалыматка ылайык, иш-чара "Жашыл мурас" долбоорунун алкагында жүрүүдө
Кечээ Барпы айыл аймагындагы 100 гектар адырга 40 миң көчөт (жаңгак, мисте, бадам, алма, карагай, өрүк) отургузулган. Алар тамыр алышы үчүн израилдик заманбап сугат системасы орнотулууда. Жабдууну Түркиядан келген адистер ишке киргизип берет.
Көчөттөр отургузулуп бүткөндөн кийин ал жер толугу менен Кара-Алма токой чарбасына өткөрүп берилери айтылды.