https://sputnik.kg/20250403/onkologiya-gematologiya-aymak-bir-boluk-kaytaryldy-1093085453.html
Улуттук онкология борборунун менчиктелип кеткен жери мамлекетке кайтарылды
Улуттук онкология борборунун менчиктелип кеткен жери мамлекетке кайтарылды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Улуттук онкология жана гематология борборуна тиешелүү жер тилкеси мыйзамсыз менчиктелип кеткени аныкталды. Бул тууралуу УКМК... 03.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-03T13:26+0600
2025-04-03T13:26+0600
2025-04-03T13:26+0600
кыргызстан
укмк
улуттук онкология борбору
жер тилкеси
менчик
кылмыш
https://sputnik.kg/img/07e9/04/03/1093084857_0:120:1281:840_1920x0_80_0_0_b02d45e514ba8c23d6a5dc8ed8a23d81.jpg
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Улуттук онкология жана гематология борборуна тиешелүү жер тилкеси мыйзамсыз менчиктелип кеткени аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.Маалыматка караганда, аталган борбордун директорунун К.О.И. аттуу орун басары административдик ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланган.Текшерүүнүн жыйынтыгы бул жер тилкеси Бишкек шаарынын мэриясынын же Улуттук онкология жана гематология борборунун муниципалдык менчигинин балансында жок экенин жана кадастр органдары тарабынан 28 жылдан бери идентификациялык код ыйгарылбаганын көрсөткөн.Атайын кызмат 46 сотых жерге идентификациялык код ыйгаруу менен мамлекеттин балансына өткөрүп берүү боюнча иштер жүргүзүлгөнүн кошумчалады.
https://sputnik.kg/20250402/ukmk-korruptsiya-ippodrom-kylmysh-1093061766.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/04/03/1093084857_0:0:1279:959_1920x0_80_0_0_58f134791d6deb35f6f75a4bbaaf782c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, укмк, улуттук онкология борбору, жер тилкеси, менчик, кылмыш
кыргызстан, укмк, улуттук онкология борбору, жер тилкеси, менчик, кылмыш
Улуттук онкология борборунун менчиктелип кеткен жери мамлекетке кайтарылды
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Улуттук онкология жана гематология борборуна тиешелүү жер тилкеси мыйзамсыз менчиктелип кеткени аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, аталган борбордун директорунун К.О.И. аттуу орун басары административдик ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланган.
"1997-жылы жооптуу кызматты ээлеген К.О.И. Улуттук онкология жана гематология борборунун түштүк-батыш тарабында жайгашкан 46 сотых жерди менчиктеп алган. Ал 60 унаа токтотуучу гараж уюштуруу максатында белгиленген жер тилкесин ижарага берүү боюнча келишим түзүү демилгесин көтөргөн. Кийин эч кандай документтери жок туруп ошол жерге бир нече турак жайды куруу иштерин жүргүзгөн. Алардын биринде өзү 28 жылдан бери жашап, мыйзамсыз басып алуу фактысын жашыруу максатында мүлккө кандайдыр бир каттоо документтерин тариздеген эмес", — деп айтылат маалыматта.
Текшерүүнүн жыйынтыгы бул жер тилкеси Бишкек шаарынын мэриясынын же Улуттук онкология жана гематология борборунун муниципалдык менчигинин балансында жок экенин жана кадастр органдары тарабынан 28 жылдан бери идентификациялык код ыйгарылбаганын көрсөткөн.
"Мындан тышкары, бул жерге өзүнчө операциялык блок жана бильярд курулган. Оор жүктү жана оорулуу жарандар үчүн орундардын жетишсиздигин эске алуу менен аталган жер тилкесин палаталары бар кошумча блокторду куруу үчүн пайдаланууга болот", — деди УКМК.
Атайын кызмат 46 сотых жерге идентификациялык код ыйгаруу менен мамлекеттин балансына өткөрүп берүү боюнча иштер жүргүзүлгөнүн кошумчалады.