https://sputnik.kg/20250411/1093272145.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Быйыл Кыргызстанда 1-октябрдан баштап пенсия жогорулайт. Бул тууралуу "Ата Журт Кыргызстан" фракциясынын жыйынында Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев... 11.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-11T15:00+0600
2025-04-11T15:00+0600
2025-04-11T15:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/04/0b/1093272013_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_f6b94c54f7fd7c444a385ac30ea68e34.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Быйыл Кыргызстанда 1-октябрдан баштап пенсия жогорулайт. Бул тууралуу "Ата Журт Кыргызстан" фракциясынын жыйынында Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди. Жыйында депутат Пархат Тулендыбаев ортчо пенсия 6 900 сом экенин айтып, былтыр жашоо минимуму 7 063 сомду түзгөнүн эске салды. "1-октябрга чейин биз пенсияларды ушул суммага жеткиребиз. Былтыркы орточо айлык менен инфляцияга карап пенсияны канчага көтөрүүнү чечебиз. Быйыл 7 пайыз көтөрүү үчүн бюджеттен 1 миллиард 200 миллион сом каралды. Бирок камсыздандыруу төлөмдөрүнө жараша бул сумманы кайра карап чыгабыз. Жарым жылдыктын жыйынтыгында канча пайызга көтөрө турганыбыз такталат, бирок 7 пайыздан көп болот", — деди Бактияр Алиев. Өлкөнүн Конституциясына ылайык, пенсия жана жөлөк пулдар жашоо минимумунан төмөн болбошу керек.
Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 32 ардагери бар. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, 32 адамдын ичинен 14ү согуштун ардагери, жетөө концлагерлердин туткуну, 11и Ленинград блокадачысы. Бишкек шаарынын Биринчи май жана Октябрь райондорунда үчтөн, Чүйдүн Жайыл районунда үч, Аламүдүн, Ат-Башы, Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорунда согуштун бирден ардагерлери бар.
Пекин менен Брюссель бир тараптуу опузалоодон өз кызыкчылыгын эле эмес, эл аралык эрежелерди да биргеликте коргошу керек. Бул тууралуу Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин айтканын өлкөнүн Борбордук телевидениеси билдирди. "Кытай менен Евробиримдик эл аралык милдеттемелерин аткарып, экономикалык глобалдашуу позициясынан тайбай, эл аралык соода айдыңын чогуу коргошу керек", — деп жазылат кайрылууда. Си Цзиньпин эл аралык тартипти да коргоого чакырды. "Тариф согушунда жеңүүчү деген болбойт, бүтүндөй дүйнөгө каршы чыгуу акыры жалгыз калуу дегенди түшүндүрөт", — деген өлкө лидери. Анын айтымында, Кытай эч качан бирөөнүн колун караган эмес, негизсиз басым-кысымдан да корккон эмес. Өзгөрүүлөргө карабай, Пекин өз жолунан тайбай ички маселелерин чече бермекчи.
АКШ президенти Дональд Трамптын атайын өкүлү Стив Уиткофф Россия президенти Владимир Путин менен бүгүн жолугушушу мүмкүн экенин Axios порталы Flightradar сервисине жана өзүнүн маалымат булактарына таянуу менен жазды. "Президент Трамптын дипломатиялык өкүлү Россияга жөнөп кетти, жума күнү президент Владимир Путин менен жолугушуусу күтүлүп жатат", — деп айталыт маалыматта. Портал бул Уиткофф менен Путиндин үчүнчү сүйлөшүүсү болорун жазган. Буга чейин өкүл Москвага 13-мартта келип кеткен. Анда дипломат Россиянын жогорку кызматтагы адамдары менен жолугуп, кечинде президент Путиндин кабыл алуусунда болгон. РФ лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков Трамптын өкүлү Россия тарапка Украина боюнча кошумча маалымат бергенин, Путин Уиткофф аркылуу амрикалык кесиптеши үчүн дубай салам жолдогонун белгилеген. Уиткофф биринчи ирет Россияга февралдын башында келип, баңгизат сатып, сактаганы үчүн соттолгон америкалык Марк Фогелди алмашуу боюнча сүйлөшкөн. Андан кийин Эр-Риядда Россия менен АКШ делегацияларынын жолугушуусуна катышкан.
Быйыл Кыргызстанда 1-октябрдан баштап пенсия жогорулайт. Бул тууралуу "Ата Журт Кыргызстан" фракциясынын жыйынында Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди. Жыйында депутат Пархат Тулендыбаев ортчо пенсия 6 900 сом экенин айтып, былтыр жашоо минимуму 7 063 сомду түзгөнүн эске салды. "1-октябрга чейин биз пенсияларды ушул суммага жеткиребиз. Былтыркы орточо айлык менен инфляцияга карап пенсияны канчага көтөрүүнү чечебиз. Быйыл 7 пайыз көтөрүү үчүн бюджеттен 1 миллиард 200 миллион сом каралды. Бирок камсыздандыруу төлөмдөрүнө жараша бул сумманы кайра карап чыгабыз. Жарым жылдыктын жыйынтыгында канча пайызга көтөрө турганыбыз такталат, бирок 7 пайыздан көп болот", — деди Бактияр Алиев. Өлкөнүн Конституциясына ылайык, пенсия жана жөлөк пулдар жашоо минимумунан төмөн болбошу керек.Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 32 ардагери бар. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, 32 адамдын ичинен 14ү согуштун ардагери, жетөө концлагерлердин туткуну, 11и Ленинград блокадачысы. Бишкек шаарынын Биринчи май жана Октябрь райондорунда үчтөн, Чүйдүн Жайыл районунда үч, Аламүдүн, Ат-Башы, Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорунда согуштун бирден ардагерлери бар.Пекин менен Брюссель бир тараптуу опузалоодон өз кызыкчылыгын эле эмес, эл аралык эрежелерди да биргеликте коргошу керек. Бул тууралуу Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин айтканын өлкөнүн Борбордук телевидениеси билдирди. "Кытай менен Евробиримдик эл аралык милдеттемелерин аткарып, экономикалык глобалдашуу позициясынан тайбай, эл аралык соода айдыңын чогуу коргошу керек", — деп жазылат кайрылууда. Си Цзиньпин эл аралык тартипти да коргоого чакырды. "Тариф согушунда жеңүүчү деген болбойт, бүтүндөй дүйнөгө каршы чыгуу акыры жалгыз калуу дегенди түшүндүрөт", — деген өлкө лидери. Анын айтымында, Кытай эч качан бирөөнүн колун караган эмес, негизсиз басым-кысымдан да корккон эмес. Өзгөрүүлөргө карабай, Пекин өз жолунан тайбай ички маселелерин чече бермекчи.АКШ президенти Дональд Трамптын атайын өкүлү Стив Уиткофф Россия президенти Владимир Путин менен бүгүн жолугушушу мүмкүн экенин Axios порталы Flightradar сервисине жана өзүнүн маалымат булактарына таянуу менен жазды. "Президент Трамптын дипломатиялык өкүлү Россияга жөнөп кетти, жума күнү президент Владимир Путин менен жолугушуусу күтүлүп жатат", — деп айталыт маалыматта. Портал бул Уиткофф менен Путиндин үчүнчү сүйлөшүүсү болорун жазган. Буга чейин өкүл Москвага 13-мартта келип кеткен. Анда дипломат Россиянын жогорку кызматтагы адамдары менен жолугуп, кечинде президент Путиндин кабыл алуусунда болгон. РФ лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков Трамптын өкүлү Россия тарапка Украина боюнча кошумча маалымат бергенин, Путин Уиткофф аркылуу амрикалык кесиптеши үчүн дубай салам жолдогонун белгилеген. Уиткофф биринчи ирет Россияга февралдын башында келип, баңгизат сатып, сактаганы үчүн соттолгон америкалык Марк Фогелди алмашуу боюнча сүйлөшкөн. Андан кийин Эр-Риядда Россия менен АКШ делегацияларынын жолугушуусуна катышкан.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/04/0b/1093272013_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_a7195cf9cf06fd52c5d508d935eb941d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио