00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Жаңы гимнге коюлган талптарга жооп берген чыгарма табылган жок. Буга байланыштуу кайрадан сынак жарыялоо сунушталганын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.Белгилей кетсек, "Манас" театрында 9-10-апрель күндөрү мамлекеттик гимндин тексти менен музыкасынын жаңы редакциядагы мыкты долбоорун тандоо боюнча комиссиянын экинчи отуруму өткөн."Комиссия сунушталган долбоорлордун ар түрдүүлүгүнө жана жарандардын активдүү катышуусуна карабастан, гимнге коюлган мазмундук жана көркөм талаптарга толук жооп берген чыгарма табылган жок деген бүтүмгө келди. Ушуга байланыштуу сынакты кайрадан жарыялоо жана жобого бир катар өзгөртүүлөрдү сунуштоо чечими кабыл алынды", — деди министрлик.Ага ылайык, биринчи этапта гимндин жаңы редакциядагы тексти тандалса, экинчи этапта бекитилген текстке музыкалык чыгарманы жаратуу боюнча сынак жарыяланат.2025-жылдын 7-февралынан 20-мартка чейин жалпы 703 сунуш түшкөн. Натыйжада аты-жөнү, дареги жана жеке маалыматтары так көрсөтүлгөн 165 жарандын 285 долбоору каттоодон өткөн.
Кыргызстан Бүбүсара Бейшеналиева тууралуу архивдик материалдарды алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.Маалыматка ылайык, министрлик кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Санкт-Петербургдагы иш-чарага катышууда. Ал А.Ваганова атындагы Россиянын балет академиясынын ректору Николай Цискаридзе менен жолугуп, хореографиялык билим берүү жаатындагы кызматташуу маселелери талкууланган. Ошондой эле Байсалов СССРдин эл артисти, кыргызстандык балерина Бүбүсара Бейшеналиеванын 2026-жылдагы 100 жылдык мааракесине карата академия берген архивдик материалдар үчүн ыраазычылык билдирген.Мындан тышкары, Байсалов Санкт-Петербург мамлекеттик университетинде болуп, ректор Николай Кропачев менен жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо жана билим берүү программаларын өнүктүрүү боюнча пикир алмашканы кошумчаланды.
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Алматыда өтүп жаткан КМШга мүчө мамлекеттердин ТИМ башчыларынын кеңешинин жыйынына катышты. Бул тууралуу министрлик билдирди.Жыйында эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болуп, КМШ алкагындагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын учурдагы абалы менен келечеги талкууланды. Ошондой эле тышкы саясат, коопсуздук, сот-укуктук жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү кызматташтыктын негизги аспектилери каралды.Катышуучулар КМШнын өкмөт башчыларынын жана мамлекет башчыларынын кеңештеринин алдыдагы жыйындарында бекитиле турган бир катар документтерди жактырышкан.Кийинки жыйын 9-октябрда Тажикстандын Душанбе шаарында өткөрүлө турган болду.
Кытай Элдик Республикасы АКШдан келген товарга кошумча киргизилип жаткан бажы алымын 125 пайызга чейин көтөрөрүн өлкөнүн Борбордук телевидениеси кабарлады. "Тарифтик коюм 84 пайыздан 125 пайызга чейин жогорулайт", — деп айтылат маалыматта. Чечим 12-апрелден тарта күчүнө кирмекчи.АКШ президенти Дональд Трамп 2-апрель күнү башка мамлекеттерден келген товарларга бажы алымы киргизилерин жар салган.
Жаңылыктар түрмөгү
0