https://sputnik.kg/20250409/kytay-indiya-akshnyn-tariftik-charalaryna-karshy-boluuda-1093204641.html
Элчилик: Кытай менен Индия АКШнын тарифтик чарасына каршы чогуу күрөшүүсү керек
Элчилик: Кытай менен Индия АКШнын тарифтик чарасына каршы чогуу күрөшүүсү керек
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Кытай менен Индия АКШ тараптан импортко кыянаттык менен коюлган тарифтерге каршы туруш үчүн күчтөрүн бириктириши керек. Бул... 09.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-09T11:10+0600
2025-04-09T11:10+0600
2025-04-09T11:11+0600
дүйнөдө
акш
кытай
индия
бажы алымы
элчилик
жооп
https://sputnik.kg/img/07e9/04/09/1093202529_0:163:3000:1851_1920x0_80_0_0_f0a3f406f2c033632f0132bfe517d20b.jpg
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Кытай менен Индия АКШ тараптан импортко кыянаттык менен коюлган тарифтерге каршы туруш үчүн күчтөрүн бириктириши керек. Бул туурасында Кытайдын Индиядагы элчилигинин өкүлү айтканын RT жазды.Эске салсак, АКШ Кытайдын импортуна болгон бажы алымын 104 пайызга чейин көбөйтүү туурасында билдирген. Бул талаптар бүгүн, 9-апрелден тарта, күчүнө кирмек.Пекин Дүйнөлүк соода уюмунда АКШнын "өз ара алымдары" боюнча талаштуу талкуу жүргүзүү демилгесин көтөргөн. Кытайдын Соода министрлиги Трамптын Пекин жооп кайтарууга аракет кылса, буга чейин жарыяланган бажы алымына дагы 50 пайыздык пошлина кошуу туурасында айтканын опузалоо деп, бул тартип кирсе "жооп бере турган чечкиндүү чараларды" киргизерин билдирген.Эскерте кетсек, АКШ президенти Дональд Трамп 2-апрелде импортко бажы алымы киргизилерин жар салган. Вашингтондун мындай чечими бир топ дүйнө лидерлерин бушайманга салган болчу. Эң азы 10 пайыз деп белгиленип, сумма ар өлкө Американын товарын ташыган компаниялардан алган каражаттын жарымына барабар болору айтылган.
https://sputnik.kg/20250406/aksh-kytaj-donald-tramp-bazhy-alymdary-sayasat-1093146413.html
акш
кытай
индия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/04/09/1093202529_158:0:2843:2014_1920x0_80_0_0_3d32fd40c4d06a06ecf267003c865f5d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, кытай, индия, бажы алымы, элчилик, жооп
дүйнөдө, акш, кытай, индия, бажы алымы, элчилик, жооп
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Кытай менен Индия АКШ тараптан импортко кыянаттык менен коюлган тарифтерге каршы туруш үчүн күчтөрүн бириктириши керек. Бул туурасында Кытайдын Индиядагы элчилигинин өкүлү айтканын
RT жазды.
Эске салсак, АКШ Кытайдын импортуна болгон бажы алымын 104 пайызга чейин көбөйтүү туурасында билдирген. Бул талаптар бүгүн, 9-апрелден тарта, күчүнө кирмек.
Пекин Дүйнөлүк соода уюмунда АКШнын "өз ара алымдары" боюнча талаштуу талкуу жүргүзүү демилгесин көтөргөн. Кытайдын Соода министрлиги Трамптын Пекин жооп кайтарууга аракет кылса, буга чейин жарыяланган бажы алымына дагы
50 пайыздык пошлина кошуу туурасында айтканын опузалоо деп, бул тартип кирсе "жооп бере турган чечкиндүү чараларды" киргизерин билдирген.
Эскерте кетсек, АКШ президенти Дональд Трамп 2-апрелде импортко бажы алымы киргизилерин жар салган. Вашингтондун мындай чечими бир топ дүйнө лидерлерин бушайманга салган болчу. Эң азы 10 пайыз деп белгиленип, сумма ар өлкө Американын товарын ташыган компаниялардан алган каражаттын жарымына барабар болору айтылган.