https://sputnik.kg/20250409/rossiya-aksh-sujloshuulorun-uzgultukko-uchuratuu-1093216265.html
Россия — АКШ сүйлөшүүлөрүн үзгүлтүккө учуратуу аракеттери тууралуу айтылды
Россия — АКШ сүйлөшүүлөрүн үзгүлтүккө учуратуу аракеттери тууралуу айтылды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. БУУдагы европалык жана британиялык дипломаттар Москва менен Вашингтондун сүйлөшүүлөрүн үзгүлтүккө учуратууга аракет кылып жатышат... 09.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-09T15:47+0600
2025-04-09T15:47+0600
2025-04-09T15:49+0600
украина
дүйнөдө
россия
акш
европа
улуу британия
дмитрий полянский
макулдашуу
сокку
https://sputnik.kg/img/07e6/06/06/1064996729_0:422:2891:2048_1920x0_80_0_0_adb43eef1757981c1aaf581f52ddfb17.jpg
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. БУУдагы европалык жана британиялык дипломаттар Москва менен Вашингтондун сүйлөшүүлөрүн үзгүлтүккө учуратууга аракет кылып жатышат. Бул тууралуу РФтин уюмдагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Дмитрий Полянский Telegram каналына жазганын РИА Новости жазды.Шейшемби күнү БУУнун Коопсуздук кеңеши уюмдагы Батыш мамлекеттеринин сурамы менен украин кризиси боюнча жыйын өткөргөн. Алар жыйынга чогулууга Россия армиясынын Украина Куралдуу күчтөрү командирлер жана Батыш инструкторлору менен кеңешме өткөрүп жаткан жерине урган соккусу себеп экенин айтышкан.Анын айтымында, эгер Батыш дипломаттары буга чейин "агрессия менен оккупацияны токтотуп, аскер күчүн чыгарууну" талап кылып келсе, эми Вашингтон сунуштаган элдешүү бузулду деген кине менен ок атышууну биротоло токтотууну талап кылып жатышат.Ок атууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр18-март күнү Россия президенти Владимир Путин телефондон америкалык өлкө башчы Дональд Трамп менен сүйлөшкөн. Баарлашуу учурунда РФ лидери жаңжалдашып жаткан тараптардын энергетикалык инфраструктурага сокку уруудан 30 күнгө баш тартуусу боюнча идеяны колдоп, дароо тиешелүү адамдарга буйрук берген. Кийинчерээк буга Владимир Зеленский да макул экенин билдирген болчу.Андан кийин 24-мартта Эр-Риядда Россия менен АКШнын эксперттик топтору жолугуп, натыйжада тараптар сокку урууга тыюу салуунун механизмдерин иштеп чыгууну макулдашышкан. Тизмеге нефть жана газ түтүктөрү менен кампалар, электр станциялары, подстанциялар, трансформаторлор, АЭСтер жана гидроэлектр станцияларынын дамбалары кирген.Анткен менен Украина Куралдуу күчтөрү ал макулдашууларды аткарган жок. Путин менен Трамптын сүйлөшүүсүнөн бир нече саат өтүп-өтпөй Краснодардагы нефть сордурган "Кавказкая" станциясына сокку уруп, мындай чабуулун байма-бай жасоодо.Өткөн жумада РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров Москва АКШга, БУУ жана ЕККУга украин тараптын макулдашууну бузуп энергетикалык объектилерге сокку урганы тууралуу маалымдар кылганын айтты.Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков Киевдин аракети анын эпке келүүгө жөндөмсүз экенин тастыктап турарын билдирген.
https://sputnik.kg/20250407/respublikachylar-ukrainaga-zhardam-beruugo-karshy-1093153022.html
украина
акш
европа
улуу британия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/06/06/1064996729_220:0:2951:2048_1920x0_80_0_0_d78e3b16cf92414b9c7a1dc2ae626026.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
украина, дүйнөдө, россия, акш, европа, улуу британия, дмитрий полянский, макулдашуу, сокку
украина, дүйнөдө, россия, акш, европа, улуу британия, дмитрий полянский, макулдашуу, сокку
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. БУУдагы европалык жана британиялык дипломаттар Москва менен Вашингтондун сүйлөшүүлөрүн үзгүлтүккө учуратууга аракет кылып жатышат. Бул тууралуу РФтин уюмдагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Дмитрий Полянский Telegram каналына жазганын
РИА Новости жазды.
Шейшемби күнү БУУнун Коопсуздук кеңеши уюмдагы Батыш мамлекеттеринин сурамы менен украин кризиси боюнча жыйын өткөргөн. Алар жыйынга чогулууга Россия армиясынын Украина Куралдуу күчтөрү командирлер жана Батыш инструкторлору менен кеңешме өткөрүп жаткан жерине урган соккусу себеп экенин айтышкан.
"Европалыктардын өтүнүчү менен өтүп жаткан бүгүнкү жыйындын жүрүшүндө англиялыктар менен евробиримдиктегилер өзгөрүп, бул "согуш партиясы" россия-америкалык сүйлөшүүлөрдү үзгүлтүккө учуратууга аракет кылып жатканы байкалууда", — деп жазды Полянский.
Анын айтымында, эгер Батыш дипломаттары буга чейин "агрессия менен оккупацияны токтотуп, аскер күчүн чыгарууну" талап кылып келсе, эми Вашингтон сунуштаган элдешүү бузулду деген кине менен ок атышууну биротоло токтотууну талап кылып жатышат.
Ок атууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр
18-март күнү Россия президенти Владимир Путин телефондон америкалык өлкө башчы Дональд Трамп менен сүйлөшкөн. Баарлашуу учурунда РФ лидери жаңжалдашып жаткан тараптардын энергетикалык инфраструктурага сокку уруудан 30 күнгө баш тартуусу боюнча идеяны колдоп, дароо тиешелүү адамдарга буйрук берген. Кийинчерээк буга Владимир Зеленский да макул экенин билдирген болчу.
Андан кийин 24-мартта Эр-Риядда Россия менен АКШнын эксперттик топтору жолугуп, натыйжада тараптар сокку урууга тыюу салуунун механизмдерин иштеп чыгууну макулдашышкан. Тизмеге нефть жана газ түтүктөрү менен кампалар, электр станциялары, подстанциялар, трансформаторлор, АЭСтер жана гидроэлектр станцияларынын дамбалары кирген.
Анткен менен Украина Куралдуу күчтөрү ал макулдашууларды аткарган жок. Путин менен Трамптын сүйлөшүүсүнөн бир нече саат өтүп-өтпөй Краснодардагы нефть сордурган "Кавказкая" станциясына сокку уруп, мындай чабуулун байма-бай жасоодо.
Өткөн жумада РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров Москва АКШга, БУУ жана ЕККУга украин тараптын макулдашууну бузуп энергетикалык объектилерге сокку урганы тууралуу маалымдар кылганын айтты.
Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков Киевдин аракети анын эпке келүүгө жөндөмсүз экенин тастыктап турарын билдирген.