Өлкөдө РКӨФ колдоосу менен телекоммуникациялык жабдууларды өндүргөн завод ачылды
Өлкөдө РКӨФ колдоосу менен телекоммуникациялык жабдууларды өндүргөн завод ачылды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Кыргызстанда телекоммуникациялык жабдууларды өндүргөн Hytera компаниясынын заводу ачылды. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү... 09.04.2025, Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Кыргызстанда телекоммуникациялык жабдууларды өндүргөн Hytera компаниясынын заводу ачылды. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан (РКӨФ) билдиришти.Маалыматка ылайык, долбоорго фонд 1 миллион доллар инвестиция салган.Завод ишке киргенде 50 жаңы жумуш орду пайда болуп, жылына 57 миңден ашык продукция өндүрүлөт.
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Кыргызстанда телекоммуникациялык жабдууларды өндүргөн Hytera компаниясынын заводу ачылды. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан (РКӨФ) билдиришти.
Маалыматка ылайык, долбоорго фонд 1 миллион доллар инвестиция салган.
"Завод видеотүшүрүү, байланыш системаларын чогултуу жаатында импорттун 80 пайызын жабат. Бул транспорттук, коммуникациялык мамлекеттик органдардын муктаждыгын жоюуга жардам берет. Завод фонд каржылаган үчүнчү санариптик долбоор болуп саналат", — деди РКӨФ төрагасы Артем Новиков.