00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
5 мин
Спички и Транспортир
Три эвакуации и миллионы экспонатов: история великого музея
14:06
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
“Жеңишке 80 жыл!” Кыргызфильм тарыхтын бул барактарын мыкты чагылдырган роликтерге сынак жарыяалады
15:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
ОГО!
Мёд, мэр и Минздрав: события недели, которые не оставили равнодушными
18:06
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
ЕАЭБде санарип документтерди өз ара таануу боюнча иш жүрүп жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов билдирди. Министр кеп Казакстан тууралуу болуп жатканын белгиледи."Казакстан менен санариптик документтерди өз ара таануу боюнча иштеп жатабыз. Биздин жарандардын "Түндүк" тиркемесиндеги бардык документтерин Казакстандын чек арасында көрсөтсө болот, алар окулушу, таанылышы жана кабыл алынышы керек. Ошол эле нерсе Кыргызстандын аймагында да болот", — деди Жамангулов.
Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 32 ардагери бар. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, 32 адамдын ичинен 14ү согуштун ардагери, жетөө концлагерлердин туткуну, 11и Ленинград блокадачысы. Бишкек шаарынын Биринчи май жана Октябрь райондорунда үчтөн, Чүйдүн Жайыл районунда үч, Аламүдүн, Ат-Башы, Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорунда согуштун бирден ардагерлери бар.
Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу Асел Чынбаева Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы Балдар фонду менен биргеликте “2025-2028-жылдарга Кыргызстанда балдардын укуктарын коргоо жаатындагы приоритеттүү чаралар” деген темада тегерек стол өткөрдү. БУУнун Балдардын укуктары боюнча комитетинин 2025-2028-жылдарга Балдардын укуктары жөнүндө конвенцияны ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын бешинчи жана алтынчы мезгилдүү отчетторунан кийин сунушталып, аны ишке ашыруунун мындан аркы кадамдары талкууланды. Жогорку Кеңештин депутаттары, ошондой эле Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн тегерек стол БУУнун Балдардын укуктары боюнча комитетинин комментарийлерин ишке ашыруу боюнча иш-чараларды өнүктүрүү боюнча жогорку талкуунун платформасы болуп калды. Иш-чара БУУнун Балдардын укуктары боюнча комитетинин төрагасынын орун басары жана комитет мүчөсү Кыргызстанга келишине карата уюштурулду.
ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жол кырсыктары көбөйгөнүн айтты.Жыл башынан бери мотоскутер, мопеддердин катышуусунда 61 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 67 жаран жаракат алган. Тилекке каршы, үч айдоочу каза болгон.Анын айтымында, 10-15 жыл мурда мындай транспорттор кабылган жол кырсыктары чанда гана катталчу. "Рейд учурунда мотоскутер, мопед айдагандардын көпчүлүгү айдоочулук күбөлүгү жок өспүрүмдөр менен чет элдик студенттер экенин байкап жатабыз. Алар жол эрежесин бузган учурда түшүндүрүү иштери менен гана чектелебиз. Анткени скутерлердин айдоочуларын жоопкерчиликке тартуу мыйзамда жок.
Жаңылыктар түрмөгү
0