https://sputnik.kg/20250413/1093298952.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкектен Ала-Арча паркына автобустар каттай баштайтКеллог Украинада союздаш күчтөрдүн жоопкерчилик аймактарын түзүүнү сунуштадыКыргызстанда 1-октябрдан тарта... 13.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-13T11:00+0600
2025-04-13T11:00+0600
2025-04-13T11:30+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/04/0d/1093298820_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_735a21e76150153a00862dd66f4fdbc2.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкектен Ала-Арча паркына автобустар каттай баштайтКеллог Украинада союздаш күчтөрдүн жоопкерчилик аймактарын түзүүнү сунуштадыКыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия көбөйөтАлдыда кененирээкБыйылкы жылдын 1-октябрынан тартып республикада пенсиялар 7 пайыздан ашык жогорулатылат. Бул тууралуу Социалдык фонддун жетекчиси Бактияр Алиев Жогорку Кеңештин «Ата Журт Кыргызстан» фракциясынын жыйынында билдирди. Депутат Пархат Тулендыбаев эмне үчүн пенсионерлер бүгүнкү күндө 6900 сом алып жатканын сурады. Ал эми Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2024-жылы пенсия курагындагы жарандар үчүн жашоо минимумунун өлчөмү 7663 сомду түзгөн. "2025-жылдын 1-октябрынан баштап пенсияны ушул суммага чейин көтөрөбүз. Пенсияны көбөйтүү үчүн биз өткөн жылдагы орточо эмгек акыны жана инфляцияны алып жатабыз. Бул суммаларды кошуп, экиге бөлөбүз. Пенсиянын көтөрүлүшүнүн пайызын ушинтип эсептейбиз. Быйыл бюджетке 7 пайызга — 1 миллиард 200 миллион сомго көбөйтүүнү киргиздик. Бирок камсыздандыруунун алдын ала жыйынтыгын карап чыгабыз. 2025-жылдын биринчи жарымында биз пенсияны кандай суммага көтөрөрүбүздү чечебиз, бирок ал сөзсүз түрдө 7 пайыздан ашат", — деди Бактияр Алиев. Белгилей кетсек, Конституциянын 44-беренесине ылайык, пенсия жана жөлөкпулдар жашоо минимумунан төмөн болбошу керек.
Бишкектен Ала-Арча паркына автобустар каттай баштайт. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасынан билдирди. Ал паркта экологиялык туруктуулукту сактоо багытында чоң өзгөрүүлөр жасалып жатканын белгилеген. Айтымында, май айынан баштап паркка бензин же дизель менен жүргөн унаалардын киришине толук тыюу салынат. Туманбаев учурда унаа токтотуучу ири жай курулуп бүтөйүн деп калганын, эми парктын кире беришинде мурдагыдай унаа тыгындары жаралбашы керектигин белгилеген. Ал эми келген конокторду атайын уюштурулган электрокарлар парктын ичине алып кирет. “Мындан сырткары, анда алгачкы ирет асма жол курулуп жатат, жыл этегинде ишке берилет. Жогорку бөлүгүндө мейманкана, ресторан, бассейн жана a-frame үлгүсүндөгү үйлөр салынууда”, – деген президенттин иш башкаруучу. Бул иш-аракеттер жаратылышты сактап, ошол эле учурда эл үчүн ыңгайлуу, коопсуз жана заманбап шарттарды түзүү максатында жасалып жатканын кошумчалаган.
Согуш аяктагандан кийин Украинаны Берлин сценарийиндей кылып көзөмөл аймактарына бөлсө болот. Бул тууралуу Times басылмасы АКШ президенти Дональд Трамптын атайын өкүлү Кит Келлогдун айтканына таянып жазганын РИА Новости жарыялады. "Бул Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Берлинде кандай болгон болсо, дээрлик ошондой эле көрүнмөк. Анда Россиянын аймагы, Франциянын аймагы, Британия аймагы, АКШ аймагы болгон", — деп айтылат материалда. Келлогдун пикири боюнча, постсоветтик бул өлкөнү бир нече мамлекеттин аскер күчү жайгашкан көзөмөл зонасы деп бөлүп койсо болот. Британиялык жана франциялык аскерлер Украинанын Батышында кайра камсыздандыруучу күч катары жайгашмак. Алар менен Россиянын күчтөрүнүн ортосунда украиналык аскерлерди жана буфердик аймакты жайгаштырса болот. Атайын өкүл ошол эле учурда Днепр дарыясынан батышка карай Лондон менен Париждин контингенттери жайгашса, бул Москваны чагымчылыкка түртпөйт деген.
Бишкектен Ала-Арча паркына автобустар каттай баштайтКеллог Украинада союздаш күчтөрдүн жоопкерчилик аймактарын түзүүнү сунуштадыКыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия көбөйөтАлдыда кененирээкБыйылкы жылдын 1-октябрынан тартып республикада пенсиялар 7 пайыздан ашык жогорулатылат. Бул тууралуу Социалдык фонддун жетекчиси Бактияр Алиев Жогорку Кеңештин «Ата Журт Кыргызстан» фракциясынын жыйынында билдирди. Депутат Пархат Тулендыбаев эмне үчүн пенсионерлер бүгүнкү күндө 6900 сом алып жатканын сурады. Ал эми Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2024-жылы пенсия курагындагы жарандар үчүн жашоо минимумунун өлчөмү 7663 сомду түзгөн. "2025-жылдын 1-октябрынан баштап пенсияны ушул суммага чейин көтөрөбүз. Пенсияны көбөйтүү үчүн биз өткөн жылдагы орточо эмгек акыны жана инфляцияны алып жатабыз. Бул суммаларды кошуп, экиге бөлөбүз. Пенсиянын көтөрүлүшүнүн пайызын ушинтип эсептейбиз. Быйыл бюджетке 7 пайызга — 1 миллиард 200 миллион сомго көбөйтүүнү киргиздик. Бирок камсыздандыруунун алдын ала жыйынтыгын карап чыгабыз. 2025-жылдын биринчи жарымында биз пенсияны кандай суммага көтөрөрүбүздү чечебиз, бирок ал сөзсүз түрдө 7 пайыздан ашат", — деди Бактияр Алиев. Белгилей кетсек, Конституциянын 44-беренесине ылайык, пенсия жана жөлөкпулдар жашоо минимумунан төмөн болбошу керек. Бишкектен Ала-Арча паркына автобустар каттай баштайт. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасынан билдирди. Ал паркта экологиялык туруктуулукту сактоо багытында чоң өзгөрүүлөр жасалып жатканын белгилеген. Айтымында, май айынан баштап паркка бензин же дизель менен жүргөн унаалардын киришине толук тыюу салынат. Туманбаев учурда унаа токтотуучу ири жай курулуп бүтөйүн деп калганын, эми парктын кире беришинде мурдагыдай унаа тыгындары жаралбашы керектигин белгилеген. Ал эми келген конокторду атайын уюштурулган электрокарлар парктын ичине алып кирет. “Мындан сырткары, анда алгачкы ирет асма жол курулуп жатат, жыл этегинде ишке берилет. Жогорку бөлүгүндө мейманкана, ресторан, бассейн жана a-frame үлгүсүндөгү үйлөр салынууда”, – деген президенттин иш башкаруучу. Бул иш-аракеттер жаратылышты сактап, ошол эле учурда эл үчүн ыңгайлуу, коопсуз жана заманбап шарттарды түзүү максатында жасалып жатканын кошумчалаган.Согуш аяктагандан кийин Украинаны Берлин сценарийиндей кылып көзөмөл аймактарына бөлсө болот. Бул тууралуу Times басылмасы АКШ президенти Дональд Трамптын атайын өкүлү Кит Келлогдун айтканына таянып жазганын РИА Новости жарыялады. "Бул Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Берлинде кандай болгон болсо, дээрлик ошондой эле көрүнмөк. Анда Россиянын аймагы, Франциянын аймагы, Британия аймагы, АКШ аймагы болгон", — деп айтылат материалда. Келлогдун пикири боюнча, постсоветтик бул өлкөнү бир нече мамлекеттин аскер күчү жайгашкан көзөмөл зонасы деп бөлүп койсо болот. Британиялык жана франциялык аскерлер Украинанын Батышында кайра камсыздандыруучу күч катары жайгашмак. Алар менен Россиянын күчтөрүнүн ортосунда украиналык аскерлерди жана буфердик аймакты жайгаштырса болот. Атайын өкүл ошол эле учурда Днепр дарыясынан батышка карай Лондон менен Париждин контингенттери жайгашса, бул Москваны чагымчылыкка түртпөйт деген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/04/0d/1093298820_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_0881229f245e90089137ff91aa5ff384.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио