https://sputnik.kg/20250413/14-aprelge-kraata-aba-yrajy-1093302052.html
14-апрелге карата аба ырайы
14-апрелге карата аба ырайы
Sputnik Кыргызстан
14-апрелге караган түнү көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана... 13.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-13T21:00+0600
2025-04-13T21:00+0600
2025-04-13T21:00+0600
аба ырайы
апрель
аймактар
кыргызстан
https://sputnik.kg/img/07e9/04/02/1093072042_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_113d9ccd721005f6480862a1a09386fb.jpg
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 айрым учурларда 15-20 метрге жетет.Абанын температурасы Чүй жана Таласта +17...+22, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +19...+24, Ысык-Көл өрөөнүндө +13...+18, Нарын аймагында +14...+19 градус жылуу болот.Бишкек жана ОШ шаарларында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, борбор калаада күндүн табы +20...+22 градуска жетсе, Ошто +22...+24 градуска чейин көтөрүлөт.
https://sputnik.kg/20250317/kyrgyzstan-aprel-ayyna-karata-aba-yrayy-1092693544.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/04/02/1093072042_0:0:2732:2048_1920x0_80_0_0_606eaefae5aafc27e7b60b006ecfd1e4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аба ырайы, апрель, аймактар, кыргызстан
аба ырайы, апрель, аймактар, кыргызстан
14-апрелге карата аба ырайы
14-апрелге караган түнү көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 айрым учурларда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй жана Таласта +17...+22, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +19...+24, Ысык-Көл өрөөнүндө +13...+18, Нарын аймагында +14...+19 градус жылуу болот.
Бишкек жана ОШ шаарларында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, борбор калаада күндүн табы +20...+22 градуска жетсе, Ошто +22...+24 градуска чейин көтөрүлөт.