https://sputnik.kg/20250416/yeb-vuchichtin-moskva-sapary-uchun-serbiyany-kysmakka-aluuga-kamyngan-1093354900.html
ЕБ Вучичтин Москвага болчу сапары үчүн Сербияны кысмакка алууга камынууда
ЕБ Вучичтин Москвага болчу сапары үчүн Сербияны кысмакка алууга камынууда
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Европалык аткаминерлер Сербиянын президенти Александр Вучичке Жеңиштин 80 жылдыгына карата Москвага барганы өлкөнүн ЕБге мүчө... 16.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-16T10:24+0600
2025-04-16T10:24+0600
2025-04-16T10:24+0600
дүйнөдө
евробиримдик
россия
сербия
александр вучич
жеңиш парады
эл аралык
эл аралык мамиле
https://sputnik.kg/img/07e9/04/10/1093353696_0:355:3009:2048_1920x0_80_0_0_0accd1e2f56eefae9f5230d6b665287c.jpg
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Европалык аткаминерлер Сербиянын президенти Александр Вучичке Жеңиштин 80 жылдыгына карата Москвага барганы өлкөнүн ЕБге мүчө болушуна кээрин тийгизип коюшу мүмкүндүгүн эскертишкен. Бул туурасында РИА Новости Financial Times басылмасына таянып жазды.Буга чейин Сербия лидери Словакиянын өкмөт башчысы Роберт Фицо менен 9-майда Москвага барып, Жеңиштин 80 жылдыгына арналган парадга катышуу пландары бар экендигин билдирген. Вучич Экинчи дүйнөлүк согуш, Белграддын бошотулушунун 80 жылдыгына карата Россия президенти менен 2024-жылы октябрда жана 2025-жылдын 7-мартында телефондон сүйлөшкөн.Басылма муну менен катар эле Эстониянын ТИМ канцлери Йонатан Всевиов Москва сапарынын жыйынтыгы "Европалык биримдикке кирбей калуу" болорун жар салганын жазды."Кайсы бир чечимдери кымбатка түшүп каларын алар түшүнгөндөй кылышыбыз керек", — деген Всевиов.Буга чейин да Евродипломатиянын башчысы Кая Калластын Европалык биримдикке мүчө болуучуларга шарт коюп, алардын өкүлдөрү Россияда өтө турган Жеңиштин 80 жылдык юбилейине арналган иш-чараларга катышпасын деген талабы айтылган. Ага реакция кылган Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин Калласты кызматынан ажыратып, БУУнун трибуналына берүү туура болорун белгилеген эле.
https://sputnik.kg/20250404/boris-chernyshov-uluu-ata-mekendik-sogush-1093114339.html
сербия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/04/10/1093353696_739:345:3009:2048_1920x0_80_0_0_b98201656648bcff87bc8b4a18e2259d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, евробиримдик, россия, сербия, александр вучич, жеңиш парады, эл аралык, эл аралык мамиле
дүйнөдө, евробиримдик, россия, сербия, александр вучич, жеңиш парады, эл аралык, эл аралык мамиле
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Европалык аткаминерлер Сербиянын президенти Александр Вучичке Жеңиштин 80 жылдыгына карата Москвага барганы өлкөнүн ЕБге мүчө болушуна кээрин тийгизип коюшу мүмкүндүгүн эскертишкен. Бул туурасында
РИА Новости Financial Times басылмасына таянып жазды.
Буга чейин Сербия лидери Словакиянын өкмөт башчысы Роберт Фицо менен 9-майда Москвага барып, Жеңиштин 80 жылдыгына арналган парадга катышуу пландары бар экендигин билдирген. Вучич Экинчи дүйнөлүк согуш, Белграддын бошотулушунун 80 жылдыгына карата Россия президенти менен 2024-жылы октябрда жана 2025-жылдын 7-мартында телефондон сүйлөшкөн.
"Европалык борборлор серб лидерине Москванын Кызыл аянтында өтүүчү парадга баруу алардын ЕБге киришин үзгүлтүккө учуратышы ыктымалдыгын эскертишти. Европалык аткаминерлер кечээ Вучичке парадга катышуу мүчө болуунун критерийлерин бузарын айтышкан", — деп жазылат материалда.
Басылма муну менен катар эле Эстониянын ТИМ канцлери Йонатан Всевиов Москва сапарынын жыйынтыгы "Европалык биримдикке кирбей калуу" болорун жар салганын жазды.
"Кайсы бир чечимдери кымбатка түшүп каларын алар түшүнгөндөй кылышыбыз керек", — деген Всевиов.
Буга чейин да Евродипломатиянын башчысы Кая Калластын Европалык биримдикке мүчө болуучуларга шарт коюп, алардын өкүлдөрү Россияда өтө турган Жеңиштин 80 жылдык юбилейине арналган иш-чараларга катышпасын деген талабы айтылган. Ага реакция кылган Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин Калласты кызматынан ажыратып,
БУУнун трибуналына берүү туура болорун белгилеген эле.