Мэрия Бишкектеги 8 көчө качан оңдолуп бүтөрүн айтты
16:59 17.04.2025 (Жаңыртылды: 17:57 17.04.2025)
Жазылуу
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Мэрия Бишкектеги сегиз көчөнү оңдоп-түзөө иштери болжол менен качан бүтөрүн кабарлады.
Реконструкция иштери марттын аягында башталган, бирок баарында эмес. Оңдолуп жаткан жана оңдоло турган көчөлөрдүн тизмеси:
Шабдан баатыр көчөсүнүн Курманжан даткадан Лермонтовго чейинки бөлүгү (1,7 чакырым) 25-апрелде жасалып баштап, 10-июнда аяктайт;
Ахунбаев көчөсүнүн 7-Апрелден Жукеев-Пудовкинге чейинки бөлүгү (1,7 чакырым) 25-июндан 25-сентябрга чейин;
Жибек Жолу проспектинин Курманжан даткадан Лермонтовго чейинки бөлүгү (1,8 чакырым) 25-марттан 6-июнга чейин;
Жаш Гвардия бульварынын Жибек Жолунан Бөкөнбаевге чейинки бөлүгү (1,9 чакырым) 25-марттан 26-июлга чейин;
Лев Толстой көчөсүнүн Ибраимовдон Калык Акиевге чейинки бөлүгү (3,34 чакырым) 1-майдан 31-августка чейин;
Москва көчөсүнүн Жаш Гвардиядан Фучикке чейинки бөлүгү (1 чакырым) 20-майдан 3-июлга чейин;
Медеров көчөсүнүн Панфиловдон 7-Апрелге чейинки бөлүгү (2,5 чакырым) 25-марттан 31-майга чейин;
Курманжан датка көчөсүнүн Жибек Жолунан Чүй проспектине чейинки бөлүгү (1,5 чакырым) 2-августтан 31-октябрга чейин.
Эскерте кетсек, 20-апрелден тарта мэрия Чүй проспектинен Салиева көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жылуулук тармактарын оңдойт, мындан улам автоунаа үчүн кыймыл чектелет.