https://sputnik.kg/20250417/kiyev-energetikalyk-obyektilerdi-atpoo-boyuncha-moratoriydi-togotkon-zhok-1093393201.html
Захарова: Киев энергетикалык объектилерди аткылоону токтотуу шартын тоготкон жок
Захарова: Киев энергетикалык объектилерди аткылоону токтотуу шартын тоготкон жок
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Украина энергетикалык объектилерге чабуул койбоо боюнча мараторийди тоготпой, Россиянын жылуулук электр комплекстерине дээрлик күн... 17.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-17T19:06+0600
2025-04-17T19:06+0600
2025-04-17T19:06+0600
дүйнөдө
акш
россия
украина
мария захарова
мораторий
аткылоо
тоготпоо
https://sputnik.kg/img/07e6/08/0a/1066670795_0:0:3271:1839_1920x0_80_0_0_9031d8548754213ec68085a0a7f51fdc.jpg
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Украина энергетикалык объектилерге чабуул койбоо боюнча мараторийди тоготпой, Россиянын жылуулук электр комплекстерине дээрлик күн сайын сокку урууда. Бул туурасында РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова брифингде билдирди.Ал Киев режими Россия, АКШ лидерлери тарабынан макулдашылган, Зеленский да колдогон энергетика объектилерине сокку урууга коюлган 30 күндүк мораторийди көзгө илбегендигин көрсөтүп, аткылоону улантып жатканын баса белгиледи."Украинанын Куралдуу күчтөрү макулдашуудан кийин деле Россиянын ЖЭКТтеринин инфраструктураларына дрон менен күн сайын чабуул жасап жатат. Киев бийлиги тарабынан ал убакыттан бери мындай 80ден ашык аткылоо болду", — деген Захарова.Эске салсак, РФ президенти Владимир Путин 18-мартта АКШнын башчысы Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Америка лидери 30 күндүк элдешүү демилгеси боюнча энергетикалык инфраструктураларды аткылоону токтотууну сунуштаган. Путин бул демилгени колдогон болчу.Владимир Зеленский энергетикалык инфраструктураны аткылоону токтотуу сунушун Украина колдой турганын айткан. Бирок эртеси эле РФ Коргоо министрлиги Киев бийлиги Кубандагы мунай базасына дрондор менен кол салганын кабарлаган. Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков Киевдин сөзүнө турбагандыгына карабай, Россиянын Куралдуу күчтөрү Украинанын энергетикалык инфраструктураларына чабуул койбой карманып турганын билдирген.Анткен менен эгерде бир тарап бул шартты бузса, экинчи тарап мораторийдеги өзү алган милдеттенмесинен бошотулду деп эсептөө укугуна ээ экени белгиленген.
https://sputnik.kg/20250405/kiyev-rftin-energetikalyk-obyektilerine-chabuulun-koboyttu-1093138548.html
акш
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/08/0a/1066670795_245:0:2976:2048_1920x0_80_0_0_14b167e04496ecb2c0852d58469c8192.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, россия, украина, мария захарова, мораторий, аткылоо, тоготпоо
дүйнөдө, акш, россия, украина, мария захарова, мораторий, аткылоо, тоготпоо
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Украина энергетикалык объектилерге чабуул койбоо боюнча мараторийди тоготпой, Россиянын жылуулук электр комплекстерине дээрлик күн сайын сокку урууда. Бул туурасында РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова брифингде билдирди.
"Киев бийлиги жылуулук электр комплекстерге (ЖЭК) тийбөө боюнча 30 күндүк мораторийди сактабай жатканын бул сапар да белгилеп айтмакчыбыз", — деген ал.
Ал Киев режими Россия, АКШ лидерлери тарабынан макулдашылган, Зеленский да колдогон энергетика объектилерине сокку урууга коюлган 30 күндүк мораторийди көзгө илбегендигин көрсөтүп, аткылоону улантып жатканын баса белгиледи.
"Украинанын Куралдуу күчтөрү макулдашуудан кийин деле Россиянын ЖЭКТтеринин инфраструктураларына дрон менен күн сайын чабуул жасап жатат. Киев бийлиги тарабынан ал убакыттан бери мындай 80ден ашык аткылоо болду", — деген Захарова.
Эске салсак, РФ президенти Владимир Путин 18-мартта АКШнын башчысы Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Америка лидери 30 күндүк элдешүү демилгеси боюнча энергетикалык инфраструктураларды аткылоону токтотууну сунуштаган. Путин бул демилгени колдогон болчу.
Владимир Зеленский энергетикалык инфраструктураны аткылоону токтотуу сунушун Украина колдой турганын айткан. Бирок эртеси эле РФ Коргоо министрлиги Киев бийлиги Кубандагы мунай базасына дрондор менен кол салганын кабарлаган. Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков Киевдин сөзүнө турбагандыгына карабай, Россиянын Куралдуу күчтөрү Украинанын энергетикалык инфраструктураларына чабуул койбой карманып турганын билдирген.
Анткен менен эгерде бир тарап бул шартты бузса, экинчи тарап мораторийдеги өзү алган милдеттенмесинен бошотулду деп эсептөө укугуна ээ экени белгиленген.