https://sputnik.kg/20250417/kyrgyz-biylik-kapital-bank-sanktsiya-tiyeshesi-zhok-1093396765.html
Кыргыз бийлиги: “Капитал банктын” санкцияларды айланып өтүүгө тиешеси жок
Кыргыз бийлиги: “Капитал банктын” санкцияларды айланып өтүүгө тиешеси жок
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Кыргызстандын президентинин администрациясы “Борбор Азиянын Капитал банкы” ачык акционердик коому санкциялардан качкан жана санкция... 17.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-17T19:30+0600
2025-04-17T19:30+0600
2025-04-17T19:30+0600
кыргызстан
банк
санкциялар
президент
борбор азия
садыр жапаров
https://sputnik.kg/img/07e5/05/0b/1052463956_308:0:3146:1597_1920x0_80_0_0_bbeff07d050250fa2d94e054c881a0ce.jpg
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Кыргызстандын президентинин администрациясы “Борбор Азиянын Капитал банкы” ачык акционердик коому санкциялардан качкан жана санкция салынган адамдар менен байланышкан деген маалыматты төгүндөдү.Белгиленгендей, банк толугу менен мамлекеттики, анын акцияларынын 100%ы Финансы министрлигине караштуу.“Банктын негизги максаты — чек аралар аралык рубль менен аткарылган операцияларга мамлекеттик көзөмөл жүргүзүү жана финансылык институттарды санкциялардан буйтоо үчүн колдонууну алдын алуу. Илан Шор, ошондой эле санкцияга кабылган банктар жана структуралар менен байланышы бар деген билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Алар эч кандай фактылар менен тастыкталган эмес жана Кыргызстандын каржы системасын жаманатты кылууга багытталган”, — деп айтылат маалыматта.Администрация ошондой эле “Капитал банк” аркылуу өткөн бардык операциялар текшерилерин белгиледи.
https://sputnik.kg/20250417/tramp-rossiya-boyuncha-kanday-kadamdarga-bara-alat-1093394279.html
борбор азия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/05/0b/1052463956_306:0:3035:2047_1920x0_80_0_0_ab6f5c9283e6d7cf61d95a6f55195e30.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, банк, санкциялар, президент, борбор азия, садыр жапаров
кыргызстан, банк, санкциялар, президент, борбор азия, садыр жапаров
Кыргыз бийлиги: “Капитал банктын” санкцияларды айланып өтүүгө тиешеси жок
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Кыргызстандын президентинин администрациясы “Борбор Азиянын Капитал банкы” ачык акционердик коому санкциялардан качкан жана санкция салынган адамдар менен байланышкан деген маалыматты төгүндөдү.
Белгиленгендей, банк толугу менен мамлекеттики, анын акцияларынын 100%ы Финансы министрлигине караштуу.
“Банктын негизги максаты — чек аралар аралык рубль менен аткарылган операцияларга мамлекеттик көзөмөл жүргүзүү жана финансылык институттарды санкциялардан буйтоо үчүн колдонууну алдын алуу. Илан Шор, ошондой эле санкцияга кабылган банктар жана структуралар менен байланышы бар деген билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Алар эч кандай фактылар менен тастыкталган эмес жана Кыргызстандын каржы системасын жаманатты кылууга багытталган”, — деп айтылат маалыматта.
Администрация ошондой эле “Капитал банк” аркылуу өткөн бардык операциялар текшерилерин белгиледи.