500 автобус айдоочусу керек. Мэрия 1 133 жумуш орду бар экенин айтты
Жазылуу
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Бишкекте автобустун 500дөн ашык айдоочусу керек. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жалпы муниципалдык ишканаларда 1 133 жумуш орду бош. Алсак:
"Бишкек шаардык транспорт" ишканасы — 500дөн ашык айдоочу. Айлыгы 50-55 миң сом, телефону: 0 312 53 17 89;
"Бишкек жашыл курлуш" — 300дөн ашык кызматкер. Маянасы 25-40 миң сом, телефону: 0 555 448 884 (WhatsApp);
"Тазалык" — 241 киши, коомдук жайларды тазалоочулар, жүктөгүчтөр жана сезондук жумушчулар. Айлык акы 15-35 миң сом, телефону: 0 555 977 981;
"Бишкек асфальт сервис" — 92 кызматкер (инженер, машинист, айдоочу жана жол жумушчулары). Айлыгы 25-50 миң сом, номери: 0 555 888 243;
Мындан тышкары, "Бишкек жарык" ишканасы электр монтерлорун жана экскаватор айдоочуларын издеп жатат. Сунуштаган айылыгы 33 миң сомдон жогору экени кошумчаланды. Кызыккандар 0 312 65 08 15, 0 700 004 049 номерине же Бөкөнбаев көчөсү, 232 дарегине кайрылышы керек.