Ысык-Көл, Нарында 792 миң гектар жерде "Ак илбирс" экологиялык коридору түзүлдү
© Фото / пресс-служба кабинета министров КРЫсык-Көлдүн Сары-Жаз өрөөнү. Архив

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР
Жазылуу
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда "Ак илбирс" экологиялык коридору түзүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, анын жалпы аянты 792 миң гектарды түзөт.
"Ысык-Көлдүн Сары-Жаз өрөөнү, Какшаал, Жети-Бел тоо кыркалары, Кан-Теңири жаратылыш паркы, Сары-Чат — Ээр-Таш коругу жана Нарындын жаратылыш коругун бириктирген аймак экологиялык коридор болду. Максаты — жаныбар, өсүмдүк жана биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо", — деп айтылат маалыматта.
Экологиялык коридордун аймагында төмөнкүлөргө тыюу салынат:
өсүмдүктөрдү жана жаныбарларды интродукциялоого (көчүрүү);
аймактагы өсүмдүктөргө зыян алып келүүчү химиялык, минералдык жана уулуу заттарды колдонууга, сактоого;
радиоактивдүү материалдарды жана таштандыларды көмүүгө;
жерди мелиорациялоого, саздарды кургатууга жана гидрологиялык режимдин түп-тамырынан өзгөрүшүнө алып келген башка иш-чараларга;
жер тилкени же анын бөлүгүнүн функциялык багытын өзгөртүүгө;
жаныбарлардын ийиндерин, уяларын жана башка жайларын бузууга, жумурткаларын, тыбыттарын чогултууга, ошондой эле жапайы жаныбарларга жана алар байырлаган чөйрөгө тикелей же кыйыр зыян келтирүүгө жөндөмдүү башка аракеттерди жасоого;
токой, саз жана шалбаа өсүмдүктөрүн өрттөөгө;
дарыялардын жана өзөндөрдүн нугун бурууга.
Ал эми илимий изилдөөгө, токой өсүмдүктөрүн отургузууга, карышкыр, чөө, карга, сагызган, чөкө таан, чыйырчык жана майнанын санын азайтып турууга уруксат берилет. Мындан тышкары, аталган аймакка туристтерди алып барууга болот.