https://sputnik.kg/20250418/uitkoff-rossiyaga-bolgon-saparynda-ajmak-maselesin-talkuulagan-1093413671.html
WSJ: Уиткофф Россияга болгон сапарында аймак маселесин талкуулаган
WSJ: Уиткофф Россияга болгон сапарында аймак маселесин талкуулаган
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф Россия президенти Владимир Путин менен болгон жолугушуусунда Украинадагы абалды жөнгө... 18.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-18T14:56+0600
2025-04-18T14:56+0600
2025-04-18T14:56+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
акш
россия
украина
атайын операция
аймак
стив уиткофф
владимир путин
согуш
https://sputnik.kg/img/07e9/04/12/1093412009_204:364:2301:1544_1920x0_80_0_0_475ddd59c4ce1281e524d17ce1cf77c5.jpg
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф Россия президенти Владимир Путин менен болгон жолугушуусунда Украинадагы абалды жөнгө салуунун алкагында аймак маселелерин да талкуулаган. Бул тууралуу ал Wall Street Journal басылмасына маек куруп жатып билдиргенин РИА Новости жазды.Өкүлдүн айтымында, сөз ушул маселенин айланасында жүргөн. Уиткофф "Россия бардык эмес, айрым аймактарды алып кала алат" деген пикирде. Муну менен бирге ал калкынын басымдуу бөлүгү орус тилинде сүйлөгөн аймактардын Киев үчүн мааниси анчалык чоң болбошу мүмкүн экенин да четке каккан эмес.Эскерте кетсек, Путин Уиткоффду 11-апрелде кабыл алып, экөө 4,5 саатка чукул сүйлөшкөн. РФ лидеринин жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, көбүнесе Украинадагы кырдаал талкууланган, деген менен башка саясий жана экономикалык маселелер да ортого салынган.Уиткофф тирешүүнү токтотууга көрүлгөн аракеттердин аркасында "тараптар тынчтык үчүн мааниси чоң бир нерсеге кадам жасоочу чекке жеткенин" белгилеген. Анын айтымында, процесс "беш аймактын" алкагынан чыгып, кеп коопсуздук кепилдиги жана Украинаны НАТОго кабыл алуу пландарынан баш тартуу тууралуу жүрүүдө.
https://sputnik.kg/20250418/nebenzya-ukrainadagy-sogush-azyryncha-toktoboy-turganyn-aytty-1093404619.html
акш
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/04/12/1093412009_332:332:2151:1696_1920x0_80_0_0_5143c50cfafb4f262be42556afc1c139.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, россия, украина, атайын операция, аймак, стив уиткофф, владимир путин, согуш, тынчтык
дүйнөдө, акш, россия, украина, атайын операция, аймак, стив уиткофф, владимир путин, согуш, тынчтык
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф Россия президенти Владимир Путин менен болгон жолугушуусунда Украинадагы абалды жөнгө салуунун алкагында аймак маселелерин да талкуулаган. Бул тууралуу ал Wall Street Journal басылмасына маек куруп жатып билдиргенин
РИА Новости жазды.
Өкүлдүн айтымында, сөз ушул маселенин айланасында жүргөн. Уиткофф "Россия бардык эмес, айрым аймактарды алып кала алат" деген пикирде. Муну менен бирге ал калкынын басымдуу бөлүгү орус тилинде сүйлөгөн аймактардын Киев үчүн мааниси анчалык чоң болбошу мүмкүн экенин да четке каккан эмес.
Эскерте кетсек, Путин Уиткоффду 11-апрелде кабыл алып, экөө 4,5 саатка чукул сүйлөшкөн. РФ лидеринин жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, көбүнесе Украинадагы кырдаал талкууланган, деген менен башка саясий жана экономикалык маселелер да ортого салынган.
Уиткофф тирешүүнү токтотууга көрүлгөн аракеттердин аркасында "тараптар тынчтык үчүн мааниси чоң бир нерсеге кадам жасоочу чекке жеткенин" белгилеген. Анын айтымында, процесс "беш аймактын" алкагынан чыгып, кеп коопсуздук кепилдиги жана Украинаны НАТОго кабыл алуу пландарынан баш тартуу тууралуу жүрүүдө.