00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Спички и Транспортир
Три эвакуации и миллионы экспонатов: история великого музея
14:05
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
“Жеңишке 80 жыл!” Кыргызфильм тарыхтын бул барактарын мыкты чагылдырган роликтерге сынак жарыяалады
15:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
ОГО!
Мёд, мэр и Минздрав: события недели, которые не оставили равнодушными
18:06
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жусуп Мамай тууралуу 10 факт. "Манасты" тагдырга айланткан улуу вазийпа

© Sputnik / Александр ФедоровКеп залкар манасчылардын бири, КРдин Баатыры Жусуп Мамай
Кеп залкар манасчылардын бири, КРдин Баатыры Жусуп Мамай - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2025
Жазылуу
Бул адамдын жашоосу, тагдыры манас дүйнөсү менен тыгыз байланышкан. Билгени, көргөнү, дүйнөсүнүн дээрлик бардыгы "Манас" болду. Дастан аны көкөлөттү, бир учурда идеологиянын айынан кыйноого салды. Бирок баары бир манасчы аны кийинки муунга, атпай кыргызга калтырып кетти
Кеп залкар манасчылардын бири, КРдин Баатыры Жусуп Мамай жөнүндө болмокчу.
Эмнеге кытайлык манасчы делет. Жусуп Мамай — Кытайда туулуп жашап өткөн XX кылымдын экинчи жарымы, XXI кылымдын башындагы улуу манасчы, дастанчы, коомдук ишмер. Маалыматтарда ал 1918-жылы азыркы Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районундагы Ак-Чий ооданынын Меркеч айылында Ат-Жайлоо деп аталган аймакта жарык дүйнөгө келгени айтылат.
Аян жана сегиз муун. Башка манасчылардай эле Жусуп Мамайды манасчылык касиетке түшүндө берилген аян жетелеп келгендиги айтылат. Ал өзү эң алгач он жашында Ырамандын Ырчы уулу аркылуу аян келгенин эскерген. Түшүндө Манас, Алмамбет менен Чубак, Сыргак баатырларды, Бакай карыяны көргөндүгүн айтып берген. Жусуп Мамай "Манас" эпосунун сегиз муунуна чейин айтат. Алар: "Манас", "Семетей", "Сейтек", "Кененим", "Сейит", "Асылбача-Бекбача", "Сомбилек" жана "Чигитей".
Булактын көзүн ачкан Балбай агасы. Манасчы анын улуу эпосту өзү эле эмес, агасы Балбай да чет жакта сакталып калууга салым кошконун өзүнүн макаласында белгилеген жайы бар. "Балбай агам 1934-жылы өзүнүн куржунундагы булгаары жети китепти алдыма коюп, буга чейин ар бир томун өзүнчө берип жүрдүм эле, эми жети томун дагы берип жатам, мына ушуну жакшылап окуп, үйрөнүп ал деп мага берген. Бирок китеп кийин кандайдыр бир себеп менен жоголуп кетти. Агам 46 жашында түрмөдө каза болгондон кийин жети китептеги "Манасты" окугандагы эсимде калгандарын бардыгын кагаз бетине түшүрдүм", — деп айтканы бар.
© Sputnik / Александр ФедоровМанасчи, общественный деятель, Герой Кырызской Республики Жусуп Мамай
Манасчи, общественный деятель, Герой Кырызской Республики Жусуп Мамай - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2025
1932-жылкы көктөмдө айтылган биринчи дастан. Жаз маалы эле. Чогулган элдин өтүнүчү боюнча Жусуп өмүрүндө биринчи жолу "Манас" дастанын айтат. Жусуп 16 жашка келгенде атасы Мамай дүйнөдөн кайтат. Эки жылдан кийин 18 жаш курагында кайсы бир отурушта Жумакун Мамбетакун манасчынын айтып жаткан "Алмамбеттин арманын" угуп, анын токтогон жеринен Жусуп чыдай албай улап айтып кирет да, "Алмамбеттин Көкчөгө баргандагы окуяны" кошуп айтып бүтүрөт. Мына ошондон кийин гана Жусуп калайыкка таанылып, манасчы атыгат. Улан ошол мезгилден тарта "Манастын" улуу сапарын улоо вазийпасын алган. Балким аны ошол кезде өзү сезбесе деле керек...
Алгач сыйлоо, анан кыйноо. 1961-жылы Шинжаң-Уйгур автономиялык районунун борборунда көркөм адабият өнөрчүлөр бирикмеси уюштурулуп, Жусуп Мамайдын айткан "Манас" вариантын жаздыруу үчүн атайын топ түзүлүп, жарым жыл аралыгында 110 000 сап ыр кагазга түшүрүлөт. 1964-1966-жылдары толуктоо максаты менен Жусуп Мамайдын вариантын жазып алуу үчүн экинчи ирет илимий экспедиция жиберилет. Бул сапар манасчыдан 196 000 сап ыр кагазга түшүрүлөт. Ал эми 1966-жылы Кытайда "Маданий революция" саясаты башталып, 1966-жылдан 1978-жылдын ноябрь айына чейин Жусуп Мамай саясий куугунтукка туш болот. Үй-жайынан ажыратылып, борбордон алысыраак болгон Ак-Булуң айылына "айдалат". Андан жазып алынган Манастын сегиз урпагынан турган материал Бээжинге жиберилет. Бул каардуу жылдары Ак-Булуңда жатып тим болбостон, 1937-жылы атылып кеткен агасы Балбай учурунда айтып берген "Манастын урпактары тууралуу баянды" Жусуп Мамай өз алдынча кагазга түшүрө баштайт. Бирок күндүн нуру кайрадан кылайып, 1978-жылы декабрь айында Жусуп аба Бээжинге чакыртылып, ушуну менен үчүнчү сапар манасчынын вариантын кагазга түшүрүү иши колго алынат. Ал эми 1964-жылы жазылып алынган материалдардын ичинен Жусуп Мамайдын "Семетейинин" гана бөлүгүнүн кол жазмасы калып, калганы дайынсыз табылбай калат.
© Sputnik / Александр ФедоровМанасчи, общественный деятель, Герой Кырызской Республики Жусуп Мамай
Манасчи, общественный деятель, Герой Кырызской Республики Жусуп Мамай - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2025
Жусуп абанын табериги — 18 томдон жана 200 миңден ашуун сап "Манас". Кайрадан башталган ишти Сакен Өмүр баштап, Асанбай Матим, Мамбетасан Эрги, Оргалча Кыдырбай, Толкун Турду, Токтобүбү Ызак тарабынан ишке ашырылып, манасчынын варианты боюнча Манастын сегиз урпагы кагазга түшөт, алар: "Манас" – 50 миң сап ыр, "Семетей" – 37 миң сап ыр, "Сейтек" – 25 миң сап ыр, "Кененим" – 34 миң сап ыр, "Сейит" – 11 миң сап ыр, "Асылбача-Бекбача" – 30 миң сап ыр, "Сомбилек" – 11 миң сап ыр, "Чигитей" – 12 миң сап ыр. Кагазга түшүрүү иши 1983-жылга чейин жүргүзүлүп, аягына чыгат. Бул мезгил аралыгында Жусуп Мамайдын 18 томдон жана 200 миңден ашуун ыр саптан турган варианты толугу менен кагаз бетине жазылып алынат. 1984-жылы манасчынын варианты боюнча "Манас" бөлүгү китеп болуп араб арибинде жарык көрөт.
Кыргызстанга бир нече ирет келген. 1989-жылы 3-июнда Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатынын уюштуруу жыйынына жазуучу Түгөлбай Сыдыкбек уулу экөө сый конок катары катышкан. 1992-жылы манасчы Сагынбай Орозбаковдун 125 жылдык мааракесине, 1995-жылы Кыргызстандагы "Манас" эпосунун 1000 жылдык мааракесине ардактуу конок катары чакырылып, катышкан.
Сый кечиккенде же тагдырдын сандары. Ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев 2013-жылы 30-апрелде "Манасчы Жусуп Мамайдын кыргыздардын тарыхый жана маданий мурастарын сактоо ишине кошкон салымы жөнүндө" деген жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, өкмөт 2013–2017-жж. "Манас" эпосун сактоо, иликтөө, кеңири таанытуу боюнча улуттук программа кабыл алып, манасчы Жусуп Мамай жана анын айтуусундагы "Манасты" Кыргызстанда басып чыгаруу, илимий-практикалык конференцияларды уюштуруу иштери башталган. 2014-жылдын 30-майында ага Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы ыйгарылат. Бирок сыйлыгын алууга жетишпейт... Жусуп Мамай 2014-жылы 1-июнда Кытайдын Ак-Чий кыштагындагы ооруканада дүйнө салат. Атамбаев үч жылдан кийин бул сыйлыкты манасчынын балдары Абдыгазы Мамай менен Мукаш Мамайга тапшырат.
© Sputnik / Александр ФедоровМанасчи, общественный деятель, Герой Кырызской Республики Жусуп Мамай
Манасчи, общественный деятель, Герой Кырызской Республики Жусуп Мамай - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2025
100 жылдыгына арнаган урпагынын эмгеги. Чөбөрөсү Тургунаалы Турсунаалы Жусуп Мамайдын өмүр жолун жана чыгармачылыгын баяндаган китеп жазган. Бул эмгек залкар манасчынын 100 жылдыгына арналып, басып өткөн жолун чагылдырган 100 сүрөт киргизилген. Китепке бул инсан жөнүндө жарык көргөн эмгектер жана эскерүүлөр топтолгон.
Аткарылган вазийпа. Бул адам Кытайдагы кыргыз маданиятынын учугун улап, улутка зор эмгегин сиңирди. Жусуп Мамай өтөлгөлүү өмүр сүрүп, 96га чыга жашады. Анын 18 небереси, 38 чөбөрөсү бар. Сөөгү өзүнүн керээзи менен ата-бабалары жаткан жерге — Манас айылынын Күркүрөө кыштагындагы Ак-Дөӊ мүрзөсүнө 2014-жылы 2-июнда коюлган.
Улуу манасчы Жусуп Мамайдын чебереси, манасчы жана этно бийлерди жаратып, бийлеп жүргөн Турганаалы Турсунаалы Жусуп Мамай теги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.12.2016
Тургунаалы Жусуп Мамай теги: Кытай Жусуп атамды караган келиндерге да айлык төлөчү
Жаңылыктар түрмөгү
0