https://sputnik.kg/20250419/tramp-korkutuu-ukraina-rossiya-1093425551.html
Трамп: Украина боюнча тараптар моюн толгой берсе, АКШ сүйлөшүү процессинен чыгат
Трамп: Украина боюнча тараптар моюн толгой берсе, АКШ сүйлөшүү процессинен чыгат
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Украина маселесин жөнгө салууда тараптардын бири моюн толгой берсе АКШ сүйлөшүү процессинен чыгарын... 19.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-19T12:21+0600
2025-04-19T12:21+0600
2025-04-20T11:32+0600
дүйнөдө
акш
дональд трамп
украина
россия
сүйлөшүүлөр
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
https://sputnik.kg/img/07e9/02/0d/1092029805_0:320:3072:2048_1920x0_80_0_0_a724b4c4c7507a0120fb9893d14476eb.jpg
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Украина маселесин жөнгө салууда тараптардын бири моюн толгой берсе АКШ сүйлөшүү процессинен чыгарын айтканын РИА Новости жазды.АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио бейшемби күнү Парижде Украина боюнча өткөн жыйында европалык аткаминерлерге Дональд Трамптын чыдамы түгөнүп баратканын жана жакын арада Вашингтон Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүү процессинен чыга турганын жарыялашы мүмкүн экенин билдирген. Эртеси күнү бул тууралуу Трамп өзү билдирүү жасаган.АКШнын Украина боюнча сүйлөшүү процессинен чыгам деген коркутуулары Москвага караганда Киевге көбүрөөк багытталганын Axios басылмасы европалык аткаминерлердин айтымына таянып кабарлаган.Европалык дипломаттар эгер АКШ чындап сүйлөшүү процессинен чыгып кетсе, Украина Американын жардамысыз калат деп кооптонушууда.
https://sputnik.kg/20250418/ukrainany-rossiya-menen-sogushturuu-tuura-ehmes-bolgon-1093400065.html
акш
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/0d/1092029805_380:245:2783:2048_1920x0_80_0_0_283f6c94ba64ee92b91a44ab922d6f5f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, дональд трамп, украина, россия, сүйлөшүүлөр
дүйнөдө, акш, дональд трамп, украина, россия, сүйлөшүүлөр
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Украина маселесин жөнгө салууда тараптардын бири моюн толгой берсе АКШ сүйлөшүү процессинен чыгарын айтканын
РИА Новости жазды.
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио бейшемби күнү Парижде Украина боюнча өткөн жыйында европалык аткаминерлерге Дональд Трамптын чыдамы түгөнүп баратканын жана жакын арада Вашингтон Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүү процессинен чыга турганын жарыялашы мүмкүн экенин билдирген. Эртеси күнү бул тууралуу Трамп өзү билдирүү жасаган.
"Эгер кандайдыр бир себеп менен эки тараптын бири ишти татаалдата турган болсо, "акылсыз экенсиңер" деп чыгып кетебиз. Бирок андай болбойт деп үмүттөнөбүз. Марко Рубио айткандай, биз деле мунун баары бүтүшүн каалайбыз", — деген Трамп.
АКШнын Украина боюнча сүйлөшүү процессинен чыгам деген коркутуулары Москвага караганда Киевге көбүрөөк багытталганын
Axios басылмасы европалык аткаминерлердин айтымына таянып кабарлаган.
Европалык дипломаттар эгер АКШ чындап сүйлөшүү процессинен чыгып кетсе, Украина Американын жардамысыз калат деп кооптонушууда.