00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
5 мин
Спички и Транспортир
Три эвакуации и миллионы экспонатов: история великого музея
14:06
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
“Жеңишке 80 жыл!” Кыргызфильм тарыхтын бул барактарын мыкты чагылдырган роликтерге сынак жарыяалады
15:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
ОГО!
Мёд, мэр и Минздрав: события недели, которые не оставили равнодушными
18:06
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ардагер Апыла Жаманбаевдин үйүн салган беларустар. Согушта түптөлгөн достук

Жазылуу
"Кыргызтелефильм" студиясы 1971-жылы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Апыла Жаманбаевдин басып өткөн жолу тууралуу "Испытание" ("Сыноо") аттуу даректүү тасма тартып, ал Борбордук мамлекеттик кинофонофотодокументтердин архивинде сакталуу турат.
...Ага лейтенант Леонид Тихмяновдун 3-миномёт батареясы 1944-жылы 24-февралда Беларусту гитлерчилерден бошотууда өзгөчө эрдик көрсөткөн. Жоокерлер Витебск аймагынын Осипенки кыштагынын Черница дарыясынын жанындагы дөңсөөдө туруп гитлерчилердин арты-артынан жасалган чабуулун токтоткон. Батареяда Ысык-Көлгө караган Ак-Суу районунун кулундары Апыла Жаманбаев менен Ысмайыл Койлубаев да бар эле. Сержанттар ийиндеше туруп миномёттон душмандын мизин кайтарып, 38 аскер 250 гитлерчини жана эки танканы жок кылышкан.
Немецтик снаряд тийип топуракка көмүлүп калган батареянын командири Тихмяновду Жаманбаев жарадар экенине карабастан сууруп чыккан. Кийин Тихмянов менен жарадар болгондорду бир жерге чогултуп караган кенже лейтенант Сергей Богомоловго Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган. Жаманбаев Кызыл Жылдыз ордени менен сыйланган. Башка аскерлерге да орден-медалдар ыйгарылган.
Апыла менен Ысмайыл Чыгыш Пруссияны алууга да, андан кийин Түндүк Кытайды баскынчылардан бошотуудагы салгылаштарга да катышкан. Командачылык Жаманбаев менен Койлубаевди Чыгыш Пруссиянын борбору Кёнигсберг (азыркы Калининград) шаарын алууда көрсөткөн өзгөчө каармандыгын белгилеп, Эрдик үчүн медалы жана Улуу Ата Мекендик согуштун II даражадагы ордени менен сыйлаган.
1947-жылы Апыла менен Ысмайыл Кыргызстанга кайтышат. 1970-жылы Ак-Суу менен Түптө жер титиреп, натыйжада көп кишинин үйү бузулган. Зилзаладан Жаманбаев менен Койлубаевдин да үйү талкаланат. Койлубаев Минскиден полктошу полковник Крыловду таап, ага "куралдашың Апыла баш паанеги жок калды, жардам бер" деп кат жазган. Бирок өзүнүн үйү да жок калганын айткан эмес. Крылов Минскиден акча которуп, беларус студенттеринен Жаманбаевге үй салып берүүнү өтүнгөн. Алар эки райондогу бузулган үйлөрдү кайра калыбына келтирип, Жаманбаевдин үйүн да тургузуп беришкен.
Тасманын башында Жаманбаевдин үйүн куруп берген жаштарды мекенине узатуу учуру, жергиликтүүлөрдүн ыраазы болуп жатканы тартылган. Тамы калыбына келтирилгенден кийин Апыла кичүү уулу Талдыбай менен Москвага барган. Ал жерден командири Леонид Тихмянов жана башка полктоштору менен жолугуп, андан ары Беларуска жөнөшөт. Ал жактан Жаманбаев Минск облусундагы Хатынь кыштагындагы архитектуралык-скульптуралык мемориал комплексине барышкан. Бул айылды 1943-жылы гитлерчилер тургундары менен өрттөп жиберишкен эле. Мемориал 1969-жылы салынган. Апыла Минскиде үйүн куруп берген студенттерге да жолугуп, ыраазычылыгын билдирет. Тасманын аягында Жаманбаев "Советтик Армиянын даңк коргону" деп аталган мемориалдык комплекске зыярат кылганы көрсөтүлөт.
1963-жылы Тихмянов менен анын куралдаштарына арнап акын Михаил Матусовский "На безымянной высоте" аттуу ырын жазып, композитор Вениамин Баснер музыкасын иштеп чыккан. 1964-жылы бул ыр советтик кинорежиссёр жана артист Влади́мир Басов тарткан "Тишина" аттуу көркөм тасмасында ырдалып, Советтер Союзунда абдан популярдуу болгон. Басов да кан майданда Тихмянов сыяктуу миномёт батареясынын командири болгон. Ыр азыр да постсоветтик аймактарда ырдалып келет.
1972-жылы 19-ноябрда Витебскидеги аты жок дөңсөөгө Тихмяновдун аты берилген. Жаманбаев 1979-жылы согуш учурунда алган жараатынан улам каза болот. Алардын Беларустагы эрдиги өлбөс дастанга айланды.
Тема боюнча:
Согуш жылдары Кыргызстан фронт үчүн кандай кадрларды даярдаган. Сүрөт баян
Согушта Ала-Тоого эвакуацияланган 8 жашар Лена-Гулиянын окуясы. Кинохроника
Жаңылыктар түрмөгү
0