https://sputnik.kg/20250421/1093466165.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
2025-2026-окуу жылында орус тилдүү мугалимдер Россиядан да келмей болдуБыйыл Улуу Британияга иштөө үчүн 17 миң кыргызстандык барышы күтүлүүдөЯнвардан тарта... 21.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-21T17:00+0600
2025-04-21T17:00+0600
2025-04-21T17:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/04/15/1093466033_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_962d1879f94749d2f86fb371a5b933ac.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
2025-2026-окуу жылында орус тилдүү мугалимдер Россиядан да келмей болдуБыйыл Улуу Британияга иштөө үчүн 17 миң кыргызстандык барышы күтүлүүдөЯнвардан тарта балдар үчүн жөлөк пулдун жаңы түрү киретАлдыда кененирээк2025-2026-окуу жылына мектептерге болжол менен 6 800 мугалим талап кылынат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда 3 000 мугалим "Наристе" программасы боюнча иштеп, жакында башталгыч класстарга сабак бере башташат. "Быйыл мектептерге педагогикалык ЖОЖдун — 2 100, орто кесиптик педагогикалык уюмдардын 6 061 бүтүрүүчүсү бөлүштүрүлөт. Ошондой эле министрлик орус тилдүү мектептердеги мугалимдердин жетишсиздигин жоюу үчүн Россия менен кызматташат. Бул кызматташтыктын алкагында учурда 105 мугалим тартылып, иштеп жатат. Аталган программаны кеңейтүү боюнча иштер уланууда", — деп айтылат кабарда. Ошондой эле "Заманбап мугалим" программасы ишке киргизилип, анын алкагында Чүй облусунда 29 жаңы мугалим иштеп жатканы кошумчаланды. Келечекте бул программа республиканын бардык аймактарына жайылтылат.
Быйыл Кыргызстанда акыркы коңгуроо 26-майда саат 9:00дө өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты. Билдирүүгө ылайык, салтанаттуу иш-чара өткөрүү үчүн акча чогултууга, уюштурууга тыюу салынат. Ошондой эле тез күйүүчү, травматикалык фейерверктер, ден соолукка коркунуч келтирген техникалык жабдуулар, экологияга зыяндуу гелий шарларын учурууга болбойт. Аймактык, райондук жана шаардык билим берүү департаменттеринин жооптуу кызматкерлери күнү-түнү нөөмөттө болушат.
Бийик тоолуу аймактарда жашаган үй-бүлөлөрдүн 3 жашка чейинки балдарына 2026-жылдан тартып жөлөк пул төлөнөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинде Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлигинин мамлекеттик төлөмдөр башкармалыгынын башчысы Мираида Нактаева билдирди. Анын айтымында, аталган жөлөк пул 2026-жылдан баштап оор шартта жашагандарга кирешесине карабай бала 3 жашка чыкканга чейин төлөнөт. Андан кийин токтотулат. "3000 сомдон деп эсептегенбиз. Финансы министрлиги менен макулдашып, көлөмү бекитилет", — деди Нактаева. Депутат Рустамбек Советбек уулу төлөмдү 5 миң сомго чыгарууну сунуштады. Эмгек жана социалдык камсыздоо министри Равшан Сабиров 2027-жылдан тарта бийик тоолуу жана барууга кыйын аймактардагы көп балалуу үй-бүлөлөргө "Бала береке" жөлөк пулу төлөнөрүн эскертти. "Төртүнчү бала төрөлгөндө – 100 миң сом, жетинчи балага – 1 миллион сом, онунчу балага 2 миллион сом төлөнөт", — деди Сабиров.
2025-жылы Кыргызстандын 17 миң жараны эмгек максатында Улуу Британияга кетүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана миграция боюнча комитетинин жыйынында КРдин Улуу Британия жана Түндүк Ирландиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Улан Джусупов билдирди. Анын айтымында, Улуу Британияга барып иштөөнү каалагандардын саны жыл сайын өсүүдө. "Эгерде 2022-жылы бул өлкөгө 4,5 миң, 2023-жылы 7,5 миң жараныбыз иштөө үчүн кетсе, 2024-жылы бул көрсөткүч 10 миң адамга жеткен", — деп белгиледи Улан Жусупов.
Бишкектеги тигүү цехтеринин биринде тиешелүү документтери жок иштеп жүргөн 27 чет элдик жаран аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты. Цехтин кожоюндары жана тартип бузгандар административдик жоопкерчиликке тартуу үчүн Свердлов РИИБине жеткирилген.Атайын кызмат тигүү цехтеринин жетекчилигин чет өлкөлүктөрдү ишке мыйзамдуу алууга чакырды.
2025-2026-окуу жылында орус тилдүү мугалимдер Россиядан да келмей болдуБыйыл Улуу Британияга иштөө үчүн 17 миң кыргызстандык барышы күтүлүүдөЯнвардан тарта балдар үчүн жөлөк пулдун жаңы түрү киретАлдыда кененирээк2025-2026-окуу жылына мектептерге болжол менен 6 800 мугалим талап кылынат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда 3 000 мугалим "Наристе" программасы боюнча иштеп, жакында башталгыч класстарга сабак бере башташат. "Быйыл мектептерге педагогикалык ЖОЖдун — 2 100, орто кесиптик педагогикалык уюмдардын 6 061 бүтүрүүчүсү бөлүштүрүлөт. Ошондой эле министрлик орус тилдүү мектептердеги мугалимдердин жетишсиздигин жоюу үчүн Россия менен кызматташат. Бул кызматташтыктын алкагында учурда 105 мугалим тартылып, иштеп жатат. Аталган программаны кеңейтүү боюнча иштер уланууда", — деп айтылат кабарда. Ошондой эле "Заманбап мугалим" программасы ишке киргизилип, анын алкагында Чүй облусунда 29 жаңы мугалим иштеп жатканы кошумчаланды. Келечекте бул программа республиканын бардык аймактарына жайылтылат.Быйыл Кыргызстанда акыркы коңгуроо 26-майда саат 9:00дө өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты. Билдирүүгө ылайык, салтанаттуу иш-чара өткөрүү үчүн акча чогултууга, уюштурууга тыюу салынат. Ошондой эле тез күйүүчү, травматикалык фейерверктер, ден соолукка коркунуч келтирген техникалык жабдуулар, экологияга зыяндуу гелий шарларын учурууга болбойт. Аймактык, райондук жана шаардык билим берүү департаменттеринин жооптуу кызматкерлери күнү-түнү нөөмөттө болушат. Бийик тоолуу аймактарда жашаган үй-бүлөлөрдүн 3 жашка чейинки балдарына 2026-жылдан тартып жөлөк пул төлөнөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинде Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлигинин мамлекеттик төлөмдөр башкармалыгынын башчысы Мираида Нактаева билдирди. Анын айтымында, аталган жөлөк пул 2026-жылдан баштап оор шартта жашагандарга кирешесине карабай бала 3 жашка чыкканга чейин төлөнөт. Андан кийин токтотулат. "3000 сомдон деп эсептегенбиз. Финансы министрлиги менен макулдашып, көлөмү бекитилет", — деди Нактаева. Депутат Рустамбек Советбек уулу төлөмдү 5 миң сомго чыгарууну сунуштады. Эмгек жана социалдык камсыздоо министри Равшан Сабиров 2027-жылдан тарта бийик тоолуу жана барууга кыйын аймактардагы көп балалуу үй-бүлөлөргө "Бала береке" жөлөк пулу төлөнөрүн эскертти. "Төртүнчү бала төрөлгөндө – 100 миң сом, жетинчи балага – 1 миллион сом, онунчу балага 2 миллион сом төлөнөт", — деди Сабиров.2025-жылы Кыргызстандын 17 миң жараны эмгек максатында Улуу Британияга кетүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана миграция боюнча комитетинин жыйынында КРдин Улуу Британия жана Түндүк Ирландиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Улан Джусупов билдирди. Анын айтымында, Улуу Британияга барып иштөөнү каалагандардын саны жыл сайын өсүүдө. "Эгерде 2022-жылы бул өлкөгө 4,5 миң, 2023-жылы 7,5 миң жараныбыз иштөө үчүн кетсе, 2024-жылы бул көрсөткүч 10 миң адамга жеткен", — деп белгиледи Улан Жусупов.Бишкектеги тигүү цехтеринин биринде тиешелүү документтери жок иштеп жүргөн 27 чет элдик жаран аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты. Цехтин кожоюндары жана тартип бузгандар административдик жоопкерчиликке тартуу үчүн Свердлов РИИБине жеткирилген.Атайын кызмат тигүү цехтеринин жетекчилигин чет өлкөлүктөрдү ишке мыйзамдуу алууга чакырды.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/04/15/1093466033_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_c45f8a4018a9ae7c3381d0a87b0b8df3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио