00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
10 мин
Тема дня
Корь, платные услуги и трансплантология — интервью с министром здравоохранения
18:11
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Экономикалык панорама
Бизнес топтор. Жеке кызыкчылыкпы же өлкө экономикасына пайдасы барбы?
19:07
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
9 мин
Особый акцент
Как делить имущество и не остаться без дома - советы юриста
20:10
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Коргоо министрлиги Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата бир катар иш-чараларды уюштурууда
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Мамытов: Кыргызстан бизнес-топторду өстүрүүдөн коркпошу керек

© Sputnik / Асель СыдыковаМамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов. Архив
Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2025
Жазылуу
Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов ири бизнес-топтордун өлкө экономикасына тийгизген таасирине токтолду.
Бизнес-топтор же болбосо холдингдер өлкө экономикасы үчүн керек. Ооба, алардын монополист болуу кыялы ар дайым эле болуп келген. Бирок мамлекет ошого жол бербей, улуттук кызыкчылыктарды алдыга коюу менен бизнес-топтордун өнүгүүсүн шарттай алат. Мындай пикирин Улукман Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан да бизнес-топторду өстүрүүгө басым жасай турган мезгил келди.
"Дүйнөгө атагы чыккан бир топ компанияларды билебиз. Ал компаниялардын аты угулганда эле жайгашкан өлкөсү көз алдыбызга тартылат. Демек, мындай ири бизнес-топтор бир эле каржылык жактан пайда алып келбей, өлкөнүн бренди да боло алат. Биз дагы кооз табиятыбыз, таза суубуз менен мактанып отура бербей мына ушундай ири өндүрүштүк компанияларды өстүрүүбүзгө мезгил жетти. Ошол компаниянын, холдингдин аты угулганда дароо Кыргызстан эске түшө тургандай болушу керек. Ооба, бизнес канчалык кеңейген сайын өзүмчүлдүгү артып, рынокто монополист болгусу келет. Анын табияты ушундай. Ошону менен катар эле акчасын сыртка алып чыгып кетип, башка өлкөлөрдө сактап же ошол жактарда ишкерлик кылгандар да жок эмес. Мындай болбошу үчүн мамлекет бир жагынан жеңилдик берип, айталы, салыктык мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, жеңилдетилген насыяларды берип жаткандан кийин, демек, өз талабын да кое билиши шарт. Башкача айтканда, бизнес ээлери, ири ишкерлер канчалык байыбасын акчасын сыртка ташыбай, өлкө ичинде ишкерликти өнүктүрүп, жаңы жумуш орундарын жаратып, беделдүү компанияларды ачышын талап кылуу керек. Мындай өнүдүрүштөр чет мамлекеттерде өз өлкөсүнүн салыктан түшкөн кирешесинин 20-30 пайызын жапкан компаниялар бар. Ушундай эле холдингдерди бизде түзүүгө эмнеге болбосун", — деди экономист.
Ал чет элдик компнаиялар менен деле ушундай шартта иштесе болорун белгиледи.
"Четтен келген инвесторлорго деле ушундай шарт койсо болот. Компаниясы ирденип алган соң чыгып кетпей, ушул жерде дагы ондогон жылдар ишкерлик жүргүзүп, кадрларды өстүрүп, багытын кеңейтсе улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен иштешин талап кыла алабыз. Мындай кадамдар бизнеске да, өлкө экономикасына жана аброюна да пайда гана алып келет", — деди Мамытов.
Ал Кыргызстан олуттуу багыттагы компаниялардын өлкөдө ачылышына белсене турган учур келгенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0