https://sputnik.kg/20250421/markum-chygaan-insan-tarykhiy-zhaylar-1093454087.html
Чыгаан инсандарды "Ата-Бейитке" жерге берүүгө уруксат берилиши мүмкүн
Чыгаан инсандарды "Ата-Бейитке" жерге берүүгө уруксат берилиши мүмкүн
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Өлкөдө чыгаан инсандарды тарыхый-маданий аймактарга көмүүгө уруксат берилиши мүмкүн. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга... 21.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-21T12:16+0600
2025-04-21T12:16+0600
2025-04-21T12:29+0600
кыргызстан
маркум
инсан
ата-бейит мемориалдык комплекси
https://sputnik.kg/img/07e5/0b/07/1054515597_0:0:2836:1595_1920x0_80_0_0_da5005f3bd68273a32246a3d97260a67.jpg
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Өлкөдө чыгаан инсандарды тарыхый-маданий аймактарга көмүүгө уруксат берилиши мүмкүн. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.Эске салсак, мындай аймактарга "Ата-Бейит" мемориалдык комплекси да кирет.Учурда "Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" мыйзам боюнча, тарыхый-маданий маанидеги жайларга сөөктү жерге берүүгө тыюу салынган. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги мына ушул мыйзамга өзгөртүү демилгеледи. Ага ылайык, мамлекеттик, саясий жана коомдук ишмерлер, искусствого, адабиятка, илимге, билим берүүгө эмгек сиңирген инсандар, Кыргыз Республикасынын, Советтер Союзунун Баатырлары, өлкөнүн өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон адамдар каза болгондо тарыхый-маданий мааниге ээ аймактарга жерге берүүгө уруксат берүү сунушталган.
https://sputnik.kg/20250221/muftiyat-s-k-koyuu-fatva-1092210851.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0b/07/1054515597_81:0:2398:1738_1920x0_80_0_0_ba4ed78a438aaae95c2784d184bd7560.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, маркум, инсан, ата-бейит мемориалдык комплекси
кыргызстан, маркум, инсан, ата-бейит мемориалдык комплекси
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Өлкөдө чыгаан инсандарды тарыхый-маданий аймактарга көмүүгө уруксат берилиши мүмкүн. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Эске салсак, мындай аймактарга "Ата-Бейит" мемориалдык комплекси да кирет.
Учурда "Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" мыйзам боюнча, тарыхый-маданий маанидеги жайларга сөөктү жерге берүүгө тыюу салынган. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги мына ушул мыйзамга өзгөртүү демилгеледи. Ага ылайык, мамлекеттик, саясий жана коомдук ишмерлер, искусствого, адабиятка, илимге, билим берүүгө эмгек сиңирген инсандар, Кыргыз Республикасынын, Советтер Союзунун Баатырлары, өлкөнүн өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон адамдар каза болгондо тарыхый-маданий мааниге ээ аймактарга жерге берүүгө уруксат берүү сунушталган.
"Бул кадам чыгаан инсандардын элесин түбөлүккө калтыруу менен гана чектелбестен, кийинки муунду патриоттукка тарбиялоого, тарыхты урматтоого жана ата-бабалардын жетишкендиктери үчүн сыймыктанууга өбөлгө түзөт", — деп жазылган документтин негиздемесинде.