https://sputnik.kg/20250421/okmot-mamlekettik-tildi-biluu-dengeeli-boyuncha-toktom-chygardy-1093452769.html
Өкмөт мамлекеттик тилди билүү деңгээли боюнча токтом чыгарды. Чоо-жайы
Өкмөт мамлекеттик тилди билүү деңгээли боюнча токтом чыгарды. Чоо-жайы
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Өкмөт мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин мамлекеттик билүү деңгээлин белгилөө боюнча токтом кабыл алды. Тиешелүү... 21.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-21T11:35+0600
2025-04-21T11:35+0600
2025-04-21T11:35+0600
кыргызстан
мамлекеттик тил
талап
министрлер кабинети
мөөнөт
https://sputnik.kg/img/07e4/09/0c/1049596522_0:0:1977:1112_1920x0_80_0_0_82f6bcbcb61ce5c4ba634a310d04299b.jpg
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Өкмөт мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин мамлекеттик билүү деңгээлин белгилөө боюнча токтом кабыл алды. Тиешелүү документке министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.Тагыраагы, бул мамлекеттик жарандык кызматчыларга, муниципалдык кызматчыларга, мамлекеттик жана муниципалдык менчик түрүндөгү ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлерине тиешелүү.Документте тилди талаптагыдай өздөштүрүп билүүнүн эки мөөнөтүн, тагыраагы, 2025 жана 2027-жылдарды белгилешкен.Жогорку, башкы, улук жана кенже топтордогу мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин мамлекеттик тилди билүү мөөнөттөрү:Мамлекеттик жана муниципалдык менчик ишканалардын, билим берүү уюмдарынын жана саламаттык сактоо мекемелеринин кызматкерлери үчүн мамлекеттик тилди билүү мөөнөттөрү:Кыргызстанда туруктуу жашаган этностук азчылыктар үчүн мамлекеттик тилди билүү мөөнөттөрү:Мамлекеттик органдар жана иш берүүчүлөр кызматкерлерди тиешелүү деңгээлде окутуу үчүн шарттарды түзүүгө милдеттүү;2025-жыл ичинде мамлекеттик тилди талап кылынган деңгээлде билүү боюнча сертификаты жок кызматкерлерге карата кызматтан бошотуу же төмөндөтүү чаралары көрүлбөйт;Тиешелүү деңгээлде тилди үйрөнүү үчүн окутуу иштери мамлекеттик жана муниципалдык органдардын каражатынын эсебинен жүргүзүлөт.
https://sputnik.kg/20250128/melis-murataliyev-kyrgyz-til-1091689894.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/09/0c/1049596522_237:0:1720:1112_1920x0_80_0_0_c828823a77b0fac48c2cf4adf21197ce.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, мамлекеттик тил, талап, министрлер кабинети, мөөнөт
кыргызстан, мамлекеттик тил, талап, министрлер кабинети, мөөнөт
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Өкмөт мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин мамлекеттик билүү деңгээлин белгилөө боюнча токтом кабыл алды. Тиешелүү документке министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Тагыраагы, бул мамлекеттик жарандык кызматчыларга, муниципалдык кызматчыларга, мамлекеттик жана муниципалдык менчик түрүндөгү ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлерине тиешелүү.
Документте тилди талаптагыдай өздөштүрүп билүүнүн эки мөөнөтүн, тагыраагы, 2025 жана 2027-жылдарды белгилешкен.
Жогорку, башкы, улук жана кенже топтордогу мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин мамлекеттик тилди билүү мөөнөттөрү:
2025-жылдан тартып орто деңгээлден (В1) кем эмес;
2027-жылдан тартып ортодон жогору деңгээлден (В2) кем эмес.
Мамлекеттик жана муниципалдык менчик ишканалардын, билим берүү уюмдарынын жана саламаттык сактоо мекемелеринин кызматкерлери үчүн мамлекеттик тилди билүү мөөнөттөрү:
2026-жылдан тартып орто деңгээлден (В1) кем эмес;
2028-жылдан тартып ортодон жогору деңгээлден (В2) кем эмес.
Кыргызстанда туруктуу жашаган этностук азчылыктар үчүн мамлекеттик тилди билүү мөөнөттөрү:
2026-жылдан тартып базалык деңгээлден (А2) кем эмес;
2028-жылдан тартып орто деңгээлден (В1) кем эмес.
Мамлекеттик органдар жана иш берүүчүлөр кызматкерлерди тиешелүү деңгээлде окутуу үчүн шарттарды түзүүгө милдеттүү;
2025-жыл ичинде мамлекеттик тилди талап кылынган деңгээлде билүү боюнча сертификаты жок кызматкерлерге карата кызматтан бошотуу же төмөндөтүү чаралары көрүлбөйт;
Тиешелүү деңгээлде тилди үйрөнүү үчүн окутуу иштери мамлекеттик жана муниципалдык органдардын каражатынын эсебинен жүргүзүлөт.