https://sputnik.kg/20250421/tramp-rossiya-menen-ukrainanyn-kelerki-aptada-kepke-kelishinen-umur-artat-1093449621.html
Трамп Россия менен Украинанын жакында кепке келишине үмүт артууда
Трамп Россия менен Украинанын жакында кепке келишине үмүт артууда
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Россия менен Украина жакынкы жумада кепке келет деп ишенип турганын билдирди. Мындай маалыматты РИА... 21.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-21T10:11+0600
2025-04-21T10:11+0600
2025-04-21T10:11+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
россия
акш
украина
дональд трамп
сүйлөшүүлөр
https://sputnik.kg/img/07e9/04/15/1093447963_0:0:3071:1727_1920x0_80_0_0_cc1ff465c3331f9c5b232fe4ed212c51.jpg
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Россия менен Украина жакынкы жумада кепке келет деп ишенип турганын билдирди. Мындай маалыматты РИА Новости жазды.Президент бул нерседен кийин эки мамлекет тең "гүлдөп өскөн жана байманалуу АКШ менен иштеше баштаарын" кошумчалаган.Анткен менен Трамп буга чейин АКШ президенти Украина маселесин жөнгө салууда тараптардын бири моюн толгой берсе АКШ сүйлөшүү процессинен чыгарын айткан эле.Тынчтык орнотуудагы көйгөйлөрРФ президенти Владимир Путин 18-мартта АКШнын башчысы Трамп менен телефондон сүйлөшкөн. Америка лидери 30 күндүк элдешүү демилгеси боюнча энергетикалык инфраструктураларды аткылоону токтотууну сунуштаган. Путин бул демилгени жактырган болчу. Владимир Зеленский энергетикалык инфраструктураны аткылоону токтотуу сунушун Украина колдой турганын айткан.Эр-Риядда 24-мартта Россия менен АКШнын техникалык командаларынын эксперттик жолугушуусу өткөн. Анда РФ менен Украинадагы энергетикалык объектилерге чабуул койбоо туурасында макулдашкан. Анын мөөнөтү аяктады, Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков Киев негизи бул келишимге баш койбогондугун жана аталган жаатта чабуулун токтотпогондугун белгиледи.РФ лидеринин маалымат катчысы Путин бул маселе боюнча башка эч кандай тапшырма бербегендигин, ал эми Украина боюнча сүйлөшүүлөрдө убактылуу мораторийге байланыштуу кандайдыр бир прогресстер байкалып жаткандыгын кошумчалады. Песков анткен менен алдыда дагы бир топ талкуулар тургандыгын эске салган.
https://sputnik.kg/20250418/ukrainany-rossiya-menen-sogushturuu-tuura-ehmes-bolgon-1093400065.html
акш
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/04/15/1093447963_170:0:2901:2048_1920x0_80_0_0_dd72d4cd31bf26659f9db7c532c433f1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, акш, украина, дональд трамп, сүйлөшүүлөр
дүйнөдө, россия, акш, украина, дональд трамп, сүйлөшүүлөр
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Россия менен Украина жакынкы жумада кепке келет деп ишенип турганын билдирди. Мындай маалыматты
РИА Новости жазды.
"Россия менен Украина бул аптада макулдашат деп ишенем", — деген ал.
Президент бул нерседен кийин эки мамлекет тең "гүлдөп өскөн жана байманалуу АКШ менен иштеше баштаарын" кошумчалаган.
Анткен менен Трамп буга чейин АКШ президенти Украина маселесин жөнгө салууда тараптардын бири моюн толгой берсе АКШ сүйлөшүү процессинен
чыгарын айткан эле.
Тынчтык орнотуудагы көйгөйлөр
РФ президенти Владимир Путин 18-мартта АКШнын башчысы Трамп менен телефондон сүйлөшкөн. Америка лидери 30 күндүк элдешүү демилгеси боюнча энергетикалык инфраструктураларды аткылоону токтотууну сунуштаган. Путин бул демилгени жактырган болчу. Владимир Зеленский энергетикалык инфраструктураны аткылоону токтотуу сунушун Украина колдой турганын айткан.
Эр-Риядда 24-мартта Россия менен АКШнын техникалык командаларынын эксперттик жолугушуусу өткөн. Анда РФ менен Украинадагы энергетикалык объектилерге чабуул койбоо туурасында макулдашкан. Анын мөөнөтү аяктады, Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков Киев негизи бул келишимге баш койбогондугун жана аталган жаатта чабуулун токтотпогондугун белгиледи.
РФ лидеринин маалымат катчысы Путин бул маселе боюнча башка эч кандай тапшырма бербегендигин, ал эми Украина боюнча сүйлөшүүлөрдө убактылуу мораторийге байланыштуу кандайдыр бир прогресстер байкалып жаткандыгын кошумчалады. Песков анткен менен алдыда дагы бир топ талкуулар тургандыгын эске салган.