Аксы окуясы — 2002-жылдын 17-мартында Боспиек айылында болгон. Анда Аксы округунан депутат болуп шайланган Азимбек Бекназаровдун тарапташтары митингге чыгып, ал жерде алты адам каза болуп, 80ге чукулу жаран жаракат алган.