Москва шаарында Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган аскердик парадга катышуу үчүн президент Сооронбай Жээнбеков башында турган кыргызстандык делегация 23-июнь күнү учуп кеткен. Бирок ал жакта тапшырылган тесттердин жыйынтыгы делегациянын эки өкүлүндө коронавирус бар экенин көрсөтүп, өлкө башкы парадга катышкан жок. COVID-19 аныкталгандар президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков жана күзөт кызматынын кызматкери болуп чыкты.