БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Бокс боюнча дүйнө чемпиону америкалык Флойд Мейвезер кичүүсү менен жеңил салмактагы UFC чемпиону ирландиялык Конор Макгрегор Нью-Йоркто өткөн маалымат жыйында бири-бирине адаттан тыш сес көрсөтүштү. Бул тууралуу UFC уюмунун расмий сайтына жарыяланды.
Уюмдун маалыматы боюнча адатта мушкерлер ар кандай сөздөр менен бири-бирине сес көрсөтчү. Бул жолкусунда Мейвезер Макгрегорго акча ыргыткан.
"They're all $1s. Where's the real money at?" — @TheNotoriousMMA#MayMacWorldTour pic.twitter.com/ZkAzeISvRo
— UFC (@ufc) 14 июля 2017 г.
"Мунун баары бир долларлык купюралар экен. Чыныгы акчалар кана?" — деп ирландиялык мушкер тиш кайраган.
"Сен ушуга эле татыктуусун!" — деп каршылашы жооп кайтарган.
![Бокс боюнча дүйнө чемпиону америкалык Флойд Мейвезер кичүүсү менен жеңил салмактагы UFC чемпиону ирландиялык Конор Макгрегор Нью-Йоркто өткөн маалымат жыйында бири-бирине адаттан тыш сес көрсөтүштү. Бокс боюнча дүйнө чемпиону америкалык Флойд Мейвезер кичүүсү менен жеңил салмактагы UFC чемпиону ирландиялык Конор Макгрегор Нью-Йоркто өткөн маалымат жыйында бири-бирине адаттан тыш сес көрсөтүштү. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103428/39/1034283948_0:203:3223:2228_600x0_80_0_0_8f23161cc040cb7de18cc85ee4aa1f43.jpg)
![Уюмдун маалыматы боюнча адатта мушкерлер ар кандай сөздөр менен бири-бирине сес көрсөтчү. Бул жолкусунда Мейвезер Макгрегорго акча ыргыткан. Уюмдун маалыматы боюнча адатта мушкерлер ар кандай сөздөр менен бири-бирине сес көрсөтчү. Бул жолкусунда Мейвезер Макгрегорго акча ыргыткан. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103428/40/1034284014_0:29:1193:779_600x0_80_0_0_b97256b2ab129f0dedfb5b5e9bafb80b.jpg)
Бокс легендасы менен ММА жылдызы беттештин алдында турне менен Лос-Анжелес, Торонто жана Нью-Йорк шаарларын кыдырып жүрүшөт. Жыйынтыктоочу маалымат жыйыны жума күнү Лондондо өтөт.
Мейвезер кичүүсү менен Макгрегордун беттеши 26-августта Лас-Вегаста өтөт.