БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко бразилиялык атаандашы Аманда Нуньес менен реванш-беттеш өткөрүп, жеңилип калды.
![Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко бразилиялык атаандашы Аманда Нуньес менен реванш-беттеш өткөрүп, жеңилип калды Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко бразилиялык атаандашы Аманда Нуньес менен реванш-беттеш өткөрүп, жеңилип калды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103512/25/1035122582_0:10:4134:2609_600x0_80_0_0_475173f1c67a3711c96d07bbfa20d306.jpg)
![Эки мушкердин беттеши UFC-215 турниринин алкагында Канаданын Эдмонтон шаарында өтүп, кармаш беш раундка созулду Эки мушкердин беттеши UFC-215 турниринин алкагында Канаданын Эдмонтон шаарында өтүп, кармаш беш раундка созулду - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103512/26/1035122683_0:23:3857:2448_600x0_80_0_0_6f4083a510b989751c9418d2f65f0477.jpg)
![Натыйжада Нуньес Шевченкодон 1 упай көп топтоп (48-47) жеңишке жетти Натыйжада Нуньес Шевченкодон 1 упай көп топтоп (48-47) жеңишке жетти - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103512/13/1035121399_0:0:4572:2872_600x0_80_0_0_401831621c67ff1e71b0be420c376f4d.jpg)
![Аманда Лоренс Нуньес Бразилияда төрөлгөн. Ал 2016-жылы UFC чемпиону аталган Аманда Лоренс Нуньес Бразилияда төрөлгөн. Ал 2016-жылы UFC чемпиону аталган - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103512/26/1035122688_0:107:3665:2412_600x0_80_0_0_9bf9a43d59965e77def87561f8daa4f2.jpg)
![Ал эми Валентина Шевченко учурда UFC турнириндеги аялдар арасындагы жеңил салмак категориясында биринчи орунда турат Ал эми Валентина Шевченко учурда UFC турнириндеги аялдар арасындагы жеңил салмак категориясында биринчи орунда турат - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103512/26/1035122693_0:0:5081:3194_600x0_80_0_0_6368a4e857a86f64339b859510af7e91.jpg)
![Шевченко менен Нуньес 2017-жылы июль айынын башында эле мушташмак, бирок бразилиялык мушкер беттешке саналуу сааттар калганда өзүн жаман сезип, ооруканага жаткырылган Шевченко менен Нуньес 2017-жылы июль айынын башында эле мушташмак, бирок бразилиялык мушкер беттешке саналуу сааттар калганда өзүн жаман сезип, ооруканага жаткырылган - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103512/26/1035122698_0:125:2190:1502_600x0_80_0_0_24a4f0219e6e09678ff5441acc21f779.jpg)
Эки мушкердин беттеши UFC-215 турниринин алкагында Канаданын Эдмонтон шаарында өтүп, кармаш беш раундка созулду. Натыйжада Нуньес Шевченкодон 1 упай көп топтоп (48-47) жеңишке жетти.
Аманда Лоренс Нуньес Бразилияда төрөлгөн. Ал 2016-жылы UFC чемпиону аталган.
Ал эми Валентина Шевченко учурда UFC турнириндеги аялдар арасындагы жеңил салмак категориясында биринчи орунда турат.
Шевченко менен Нуньес 2017-жылы июль айынын башында эле мушташмак, бирок бразилиялык мушкер беттешке саналуу сааттар калганда өзүн жаман сезип, ооруканага жаткырылган.
Спортчу кыздар буга чейин да кездешкен, анда Нуньес көп упай топтоп жеңишке жеткен.