БИШКЕК, 21-июль — Sputnik. Кара-Суу районунда 20-июлда кечки саат 5.30дарда катуу жааган жаандын кесепетинен Ак-Терек – Папан – Кожокелен унаа жолунун 62-чакырымында болжол менен 840 кубометр шагыл аралаш сел жүрүп, унаа жолун тосуп калган. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Андан сырткары, сел төрт үйгө, бир мектептин алдынан жана мечиттин тосмосуна чейин агып түшкөн.
"Электр зымдары үзүлүп, Кара-Гур айылы жарыксыз калды", — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле Кара-Гур селканасы толуп калгандыктан, анын 400-500 метрин тазалоо керек. Унаа жолу убактылуу жабык.