БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Казакстандын Тараз шаарында өтүп жаткан эл аралык жармаңкесине Талас облусунун дыйкандары 270 миң тонна айыл чарба продукциясын алып барганын өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгү билдирди.
Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн регионду өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Казыбек Медетбековдун билдирүүсүндө, Таластын дыйкандары жармаңкеге 2 миң тонна картошка, 20 миң тоннага жакын алма, алмурут, 50 миң тоннадан ашык жашылча жана башка көптөгөн айыл чарба продукцияларын алып чыгышкан.
"Жалпысынан азык-түлүк менен жашылча-жемиш 40тан ашык оор жүк ташуучу автомашиналарга жүктөлдү. Таластык дыйкандар менен фермерлер жармаңкеге алып чыккан продукциянын ичинде голланд быштагы, малина кыямы, бал, балык, сары май бар", — дейт Медетбеков.
Жармаңкенин ачылышына Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев, Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл Байышбек Жуманазаров, Жамбыл облусунун акими Карим Көкрекбаев катышты.
Учурда Таластан барган продукциянын 500 тоннага жакыны сатылганы айтылууда.
Жармаңке 23-сентябрда аяктайт.