БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Бишкектин Биринчи Май районунун акими Аскербек Алиев аймактагы мечит жана медресе имамдары менен жолугушуу өткөргөнүн мэрия билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушууда район жетекчиси мамлекеттик органдар менен биргеликте диний экстремизмдин алдын алуу, ага каршы аракет көрүү маселелерин талкуулады.
Жолугушуунун алкагында Алиев "Ассаид Марьям" мечитине барып, диний мекемелер мыйзам негизинде иш алып баруусу керектиги айтты. Мындан тышкары, диний объектилерди курууда тийиштүү архитектуралык, санитардык-гигиеналык жана башка талаптарды аткаруу зарылдыгы белгиленди.