БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу боюнча кампаниянын экинчи этабы башталганын Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 1-апрелине чейин жеке жактар 2015-жылы алынган кирешелери жөнүндө отчетту, ошондой эле экономикалык ишмердиктери, мүлк объектилери жана жер тилкелери тууралуу башка маалыматтарды салык органдарына берүүлөрү керек.
Буга байланыштуу салык органдары 22-марттан тартып 31-мартка чейин күчөтүлгөн режимде иштешип, декларацияларды саат 09.00дөн 24.00гө чейин кабыл алышат.
Эскерте кетсек, ушул жылдын 1-мартында юридикалык жактар үчүн декларациялык кампаниянын биринчи этабы аяктады.
Кеңири маалыматты салык кызматынын Маалымат борборунун 194 номери же www.sti.gov.kg сайты аркылуу алууга болот.