БИШКЕК, 14-окт. – Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргызстандын президенттигине талапкерлерге берилген добуш таблицасы онлайн режиминде сайтка кандайча чыгып калганына түшүндүрмө берди.
БШК 2017-жылдын 1-октябрынан тарта президенттик шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында электрондук урналарды тестирлөө иштери башталганын маалымдады.
Шайлоого көз салуу үчүн 59 мамлекеттен 773 эл аралык байоочу келди. БШКнын демилгеси менен ишемби күнү эл аралык байкоочулар үчүн электрондук урналардын презентациясы болуп өткөн.
“Буга байланыштуу электрондук урналардан маалымат алуу үчүн сервер ишке кирген. Презентация учурунда 5 участкалык комиссия тарабынан борбордук серверге тесттик маалыматтар жөнөтүлгөн. Ошол маалыматтар сайтка чыгарылган болчу”, — деп айтылат маалыматта.
Кийинчерээк аталган маалыматтар сайттан алынган.
БШК көрсөтүлгөн цифралар участкадан тышкары берилген добуштар эместигин маалымдады. Ал эми шайлоо участкаларынан тышкары мөөнөтүнөн мурда добуш бергендердин жыйынтыгы мыйзам боюнча 15-октябрь күнү кечке жуук гана ачыкка чыгарыларын БШКдан кошумчалашты.