00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
“Чоочун киши” сериалынын 2-сезону көрүүчүлөрдү эмнеси менен таң калдырат?
15:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ырыскыны таштабайт! Таңга байланыштуу 6 "болбойт"

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүФестиваль охотников-беркутчи "Беркут - крылья Чуйской степи"
Фестиваль охотников-беркутчи Беркут - крылья Чуйской степи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Эрте тургандын бир ырыскысы ашык" деген элибизде жакшы кеп бар. Үйгө ырыскы, береке, кут кирсин деген тилек менен агарып аткан ар бир таңды жакшы ниет менен тосуп алуу зарыл.

Эртең менен күн кандай башталса кечке чейин ошондой уланат демекчи таңда жасоого болбой турчу нерселерди эсиңизге түйө жүрүңүз. Аларды Sputnik Кыргызстан агенттигине этнопедагог Абдыкерим Муратов тизмектеп берди.

Түшкө чейин уктабайт. Улуу муундун өкүлдөрү "эртең менен эрте турбасаң ошол күнкү ырыскыдан кур каласың" деп дайым айтып келишет. Себеби эрте тургандын бир ырыскысы ашык.

Жайлоодогу боз-үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кечинде ооруну сурап барба! Беймаал убакка байланыштуу 10 "болбойт"
Эртең менен жаман сөз сүйлөбөйт. Таңды жакындарына жакшы сөз айтуу менен баштасаң алардын да көңүлү жылып калат. Таң атпай жаман сөз сүйлөө жамандыкты эртелеткендин белгиси деп да коюшат.

Таңкы тамакты таштабайт. Эртең мененки насипти, ырыскыны таштабайт. Аны ичпей калтырып койсоң бүгүнкү ырыскың калып калат. Кокус ишке же окууга бара турган болсоң жок дегенде суу ичип, нан ооз тийип кетиш керек.

Колу-бетти жуубай туруп кишилер менен учурашпайт. Эртең менен турганда сөзсүз жуунуу зарыл. Жуунуп-тазаланбай туруп эл менен кол алышып, өбүшүп учурашуу этикага да жатпайт.

Бирөө менен урушпайт. Таң атпай бирөө менен урушсаң үйдөн ырыскы, кут качат. Өзүңдүн да, урушкан адамыңдын да маанайы түшүп бир күн кечке капалуу жүрөсүң.

Жакындардын тынчын албайт. Таң атпай чалып же үйүнө жакындардын тынчын алуунун кажети жок. Таңдагы телефондун шыңгырын уккан адам жакшы кабар угам деп ойлобойт. Ал-ахвалын сураганга күн чыкканда деле жетишесиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0