00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Көз мончок
Туура макияж жасоонун сырлары — быйыл кандай макияж модада?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ПРООН мектепте окуучуларга тамак уюштурууда 900 мектепти камсыздайт
17:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Киноблог
Нуар под дождем: режиссер о необычном проекте
18:06
46 мин
Новости науки и новых технологий
Что будет с нашим Солнцем через миллиарды лет?
18:52
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жардыны журтка таштабайт! Көчкө байланыштуу 6 "болбойт"

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүТөө минип бараткан апа. Архив
Төө минип бараткан апа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көч — элибиздин сарамжалдуулугун, биримдигин, акылмандыгын жана улуу маданиятын ачкан. Анын өзүнүн эрежелери, маданияты болгон.

Кыргыздын турмуш-тиричилигинин дээрлик көбү мал чарбачылыкка байланыштуу болгондуктан жазында төл алуу үчүн жаздоого, жайында жайытка карап жайлоого, малдын этин чыңоо үчүн кыштоого чыгып, көчүп-конуу менен күн кечирген.

Sputnik Кыргызстан агенттиги бул ирет жайлоо маданияты, көчкө байланышкан тыюуларды топтоду. Макалабызды жазууга этнопедагог Абдыкерим Муратов көмөктөштү.

Ат минген адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Үйгө сүйрөп кирбейт, анты бар! Камчыга карата 6 "болбойт"
Көчкө кетээр күнү камынбайт. Узак жолго чыгаарда эрте камынуу керек. Эл башчысы билермандарды, аксакалдарды чакырып, тамак берип, көч жөнүндө келгендер менен акыл курган. Улуу көчтүн кайсы күнү сапарга чыгарын, ай-жылдызды карап, маал эсебин алган соң, жарлык айткан. Мындай улуу көчкө түп көтөрүлө аттанышкан.

Көчтү аял баштабайт. Төө, уй, өгүзгө жүк артылган соң көчтү айыл аксакалы башкарат. Көч коно турган журтка жакындаганда аксакал жаңы конуш жайын чалат. Анда айылдын, ар бир үйдүн орду даярдалат. Боз үйлөр тигилип, желеге кулундар байланып, айыл аксакалы жаңы журтка "конуш жайлуу болсун" деп бата кылат, арбактарга арналып жыт чыгарылып, куран окутулат.

Мал көчтүн артынан айдалбайт. Көчтүн да өз эрежеси, башкача айтканда, түзүлүшү болгон. Көчтөн мурда алдыга мал айдап жигиттер кетет. Андан соң жасалгалуу ат минген кыз-кыркын, ак элечектен байбичелер, тай минген балдар чубайт. Андан кийинки сапта жүктү төөгө, атка, өгүзгө, топозго жүктөгөн мырзалар кеткен.

Этти устукандап жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Отко салбайт! Сөөккө, жиликке карата 6 "болбойт"
Жаңы журтка көчөрдө артынан эч нерсе калтырбайт. Сары журтту таштап жаңы журтка көчөөрдө эски журтту тазалап, артынан жаман-жуман эч нерсе калтырбайт. Кыргыздар көчкөн журттун көркү — анын тазалыгы дешкен. Айрыкча, мындай милдетти аялдар жасаган. Болгону башка журтка көчкөндө "шорубуз ушул жерде калсын" деп тузду эски журтка, очок башына таштап кетишкен.

Көчтү эптеп жүктөбөйт. Узак сапарга чыгаарда көчтүн жүгү өтө мыкамдалып жүктөлөт. Буга көбүнчө жигиттер милдеттүү болгон. Кимдин жүгү ооп, жүгү жолдо чубалса, аны өтө айыптуу, намыстуу иш көрүшкөн.

Жардыны журтка таштабайт. Кыргыздар уруу-уруу, айыл-айыл болуп дайыма чогуу көчкөн. Каза таап, сөөк жерге жашырыла элек үй гана көчпөй калган. Ошондой эле улуу көч деген да бар — айыл эли айлап алыска көчсө аны каркыралуу көч деп да аташкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0