https://sputnik.kg/20220127/unaalardy-tehnikalyk-koroodon-otkoruu-1061589226.html
Бийлик унааны техникалык кароодон өткөрүү талабын кайра киргизерин билдирди
Бийлик унааны техникалык кароодон өткөрүү талабын кайра киргизерин билдирди
Sputnik Кыргызстан
Ибраимованын айтымында, мындай норма ЕАЭБдин техникалык регламентинин талабы. 27.01.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-01-27T14:02+0600
2022-01-27T14:02+0600
2022-01-27T14:06+0600
пресс-борбор
кыргызстан
транспорт
техникалык кароо
талап
https://sputnik.kg/img/104695/68/1046956814_0:330:3054:2048_1920x0_80_0_0_3497b25a04269ff37db6f983cdc29b88.jpg
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Кыргызстанда транспорт каражаттарын милдеттүү техникалык кароодон өткөрүү системасын кайрадан киргизүү керек. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин Жол-транспорт коопсуздугун текшерүү жана көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Гүлсада Ибраимова билдирди.Ал бүгүн Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн брифингге катышкан.Ибраимованын айтымында, мындай норма ЕАЭБдин техникалык регламентинин талабы.Башкармалыктын улук инспектору Медер Каныбеков ЕАЭБдин техрегламентине ылайык келтирүү үчүн ички мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү керектигин белгиледи.Эске салсак, 2012-жылы Кыргызстанда автоунааларды милдеттүү түрдө техникалык кароодон өткөрүү жокко чыгарылган. Мындай кадам коррупциялык тобокелчиликтерди азайтуу максатында жасалган болчу.
https://sputnik.kg/20220127/zhol-transport-koopsuzdugun-kozomoldogon-bashkarmalyk-tyzyldy-1061582654.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104695/68/1046956814_269:0:3000:2048_1920x0_80_0_0_057bbabc69ab2faf3967a67e5dc6ab43.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, транспорт, техникалык кароо, талап
кыргызстан, транспорт, техникалык кароо, талап
Бийлик унааны техникалык кароодон өткөрүү талабын кайра киргизерин билдирди
14:02 27.01.2022 (Жаңыртылды: 14:06 27.01.2022) Ибраимованын айтымында, мындай норма ЕАЭБдин техникалык регламентинин талабы.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Кыргызстанда транспорт каражаттарын милдеттүү техникалык кароодон өткөрүү системасын кайрадан киргизүү керек. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин Жол-транспорт коопсуздугун текшерүү жана көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Гүлсада Ибраимова билдирди.
Ал бүгүн Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн брифингге катышкан.
Ибраимованын айтымында, мындай норма ЕАЭБдин техникалык регламентинин талабы.
"Башкача айтканда, өлкөдөгү бардык транспорт каражаттары техникалык кароодон өтүшү керек", — деди ал.
Башкармалыктын улук инспектору Медер Каныбеков ЕАЭБдин техрегламентине ылайык келтирүү үчүн ички мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү керектигин белгиледи.
Эске салсак, 2012-жылы Кыргызстанда автоунааларды милдеттүү түрдө техникалык кароодон өткөрүү жокко чыгарылган. Мындай кадам коррупциялык тобокелчиликтерди азайтуу максатында жасалган болчу.