https://sputnik.kg/20221009/zhaparov-tashiev-bijlik-talash-urushturuu-tuuraluu-1068785728.html
Уруштура албай жаткан топтор бар. Жапаров Ташиев менен мамилеси тууралуу
Уруштура албай жаткан топтор бар. Жапаров Ташиев менен мамилеси тууралуу
Sputnik Кыргызстан
Президент эң негизгиси мамлекеттин, элдин кызыкчылыгына каршы келген иштер жасалбаса болду деди. 09.10.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-10-09T10:47+0600
2022-10-09T10:47+0600
2022-10-09T10:52+0600
садыр жапаров
камчыбек ташиев
укмк
президент
бийлик
уруш
https://sputnik.kg/img/07e6/05/02/1064097297_0:74:2324:1381_1920x0_80_0_0_71b9f2fcb4ba91f7f918709a752c551b.jpg
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев "бийлик талашып жатат" деген сөздөргө президент өзү жооп берди. Ал "Кабар" маалымат агенттигине маек курган.Жапаров аны Ташиев менен уруштургусу келгендер бар экенин айткан."Экөөбүздү уруштура албай эки жылдан бери түн уйкусу жок иштеп жаткан топтор бар. Баарын билебиз. Алар "Ташиев кадр чечип жатат, Ташиев президент болгусу келип жатат" дей беришсе эле мен аларга ишенип, кызганып, Ташиевди кызматтан ала коймок белем. Мен бийликте канча отурсам, Ташиев дагы ошончо отурат. Эң негизгиси, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгына каршы келген иштерди жасабасак болду", — деген президент.Буга чейин Жапаров Ташиевдин ЖКга курал алып келгени тууралуу пикирин айткан.
https://sputnik.kg/20221006/tashiev-bolungon-deputattarga-makulduk-berdi-1068698732.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/05/02/1064097297_254:0:2582:1746_1920x0_80_0_0_7af7237caca2f7b393314892b93a7d08.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
садыр жапаров, камчыбек ташиев, укмк, президент, бийлик, уруш
садыр жапаров, камчыбек ташиев, укмк, президент, бийлик, уруш
Уруштура албай жаткан топтор бар. Жапаров Ташиев менен мамилеси тууралуу
10:47 09.10.2022 (Жаңыртылды: 10:52 09.10.2022) Президент эң негизгиси мамлекеттин, элдин кызыкчылыгына каршы келген иштер жасалбаса болду деди.
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Өлкө башчы
Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы
Камчыбек Ташиев "бийлик талашып жатат" деген сөздөргө президент өзү жооп берди. Ал "Кабар" маалымат агенттигине маек курган.
"Биринчиден, экөөбүз эч качан урушпайбыз. Урушканга мен жол бербейм. Экинчиден, "бийлик талашып жатат" деген сөз калп. Мен кандай буйрук берсем дал ошондой, кыйшаюусуз аткарат. Анткени жеке кызыкчылыгым үчүн кандайдыр бир иш жөнүндө буйрук бербейм. Бир гана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн болот", — деди өлкө башчы.
Жапаров аны Ташиев менен уруштургусу келгендер бар экенин айткан.
"Экөөбүздү уруштура албай эки жылдан бери түн уйкусу жок иштеп жаткан топтор бар. Баарын билебиз. Алар "Ташиев кадр чечип жатат, Ташиев президент болгусу келип жатат" дей беришсе эле мен аларга ишенип, кызганып, Ташиевди кызматтан ала коймок белем. Мен бийликте канча отурсам, Ташиев дагы ошончо отурат. Эң негизгиси, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгына каршы келген иштерди жасабасак болду", — деген президент.
Буга чейин Жапаров Ташиевдин
ЖКга курал алып келгени тууралуу пикирин айткан.
6 Тогуздун айы 2022, 15:41