https://sputnik.kg/20221021/andrey-ermak-batyshta-tynchtykka-chakyrgandardy-syndady-1069201674.html
Зеленскийдин офиси Батышта тынчтыкка чакырган тараптарды катуу сынга алды
Зеленскийдин офиси Батышта тынчтыкка чакырган тараптарды катуу сынга алды
Sputnik Кыргызстан
Президенттин жардамчысы "дүйнөлүк согушту болтурбоо үчүн Украина аймактарын кайтарып алуудан баш тартышы керек" деген кеп популярдуу болуп жатат деп эсептейт. 21.10.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-10-21T10:34+0600
2022-10-21T10:34+0600
2022-10-21T10:36+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
украина
россия
тынчтык
шарт
бизнесмен
https://sputnik.kg/img/07e6/0a/15/1069201516_0:36:3071:1763_1920x0_80_0_0_0b8bec15cb1014b68077b02b4585a5f9.jpg
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Владимир Зеленскийдин офисин жетектеген Андрей Ермак Washington Post гезитине жазган колумнистикасында тынчтыкка үндөгөн Батыштагы саясатчыларды жана бизнесмендерди катуу сындады. Бул туурасында РИА Новости жазды.Зеленскийдин жардамчысы "дүйнөлүк согушту болтурбоо үчүн Украина аймактарын кайтарып алуу аракетинен кайра тартышы керек" деген кеп популярдуу болуп жатат деп эсептейт.Октябрдын башында Tesla жана SpaceX компанияларынын жетекчиси Илон Маск кокус толук масштабда согуш чыгып кетсе Украинанын жеңишинен күмөн санап, тараптарды тынчтыкка чакырган. Ал кырдаалды жөнгө салуу үчүн өзүнүн планын сунуштаган. Миллиардер Донбасста БУУнун көзөмөлүндө кайра референдум өткөрүү керектигин, Крым расмий түрдө Россиянын карамагында кала берерин айткан. Ошондой эле Крымды суу менен камсыз кылууга кепилдик берип, Украина нейтралдуу статусту кабыл алмак.Жакында эле дагы бир америкалык миллиардер Билл Экман Украина Крымды Россияга калтырып, НАТОго кирүүдөн баш тартышы керектигин айткан.
https://sputnik.kg/20221020/aksh-ukraina-shajloo-1069163550.html
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/0a/15/1069201516_0:0:2731:2048_1920x0_80_0_0_08c60d25cbf47c8526f7fa7e159cbd2c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, украина, россия, тынчтык, шарт, бизнесмен
дүйнөдө, украина, россия, тынчтык, шарт, бизнесмен
Зеленскийдин офиси Батышта тынчтыкка чакырган тараптарды катуу сынга алды
10:34 21.10.2022 (Жаңыртылды: 10:36 21.10.2022) Президенттин жардамчысы "дүйнөлүк согушту болтурбоо үчүн Украина аймактарын кайтарып алуудан баш тартышы керек" деген кеп популярдуу болуп жатат деп эсептейт.
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Владимир Зеленскийдин офисин жетектеген Андрей Ермак Washington Post гезитине жазган колумнистикасында тынчтыкка үндөгөн Батыштагы саясатчыларды жана бизнесмендерди катуу сындады. Бул туурасында
РИА Новости жазды.
"Батыштагы Россияга ыктаган акмактар уламдан-улам кыйкырып тынчтыкка чакырууда. Тилекке каршы, кээ бирлери аларды угуп жатат. Мурдагы жана учурдагы саясатчылар менен таасирдүү бизнесмендер Кремль менен сүйлөшүүгө үндөп турган чагы. Тынчтык үчүн, планета үчүн, адамзаты үчүн дешет, бирок Украина үчүн эмес. Адилеттүүлүк үчүн дагы эмес", — деди Ермак.
Зеленскийдин жардамчысы "дүйнөлүк согушту болтурбоо үчүн Украина аймактарын кайтарып алуу аракетинен кайра тартышы керек" деген кеп популярдуу болуп жатат деп эсептейт.
"Украина тынчтыкты издеп жатат. Украина тынчтыкты каалайт. Бирок биздин шарттар белгилүү. Ал тууралуу биз көп жолу кайталап айттык", — деп жазган Ермак.
Октябрдын башында Tesla жана SpaceX компанияларынын жетекчиси Илон Маск кокус толук масштабда согуш чыгып кетсе Украинанын жеңишинен күмөн санап, тараптарды
тынчтыкка чакырган. Ал кырдаалды жөнгө салуу үчүн өзүнүн планын сунуштаган. Миллиардер Донбасста БУУнун көзөмөлүндө кайра референдум өткөрүү керектигин, Крым расмий түрдө Россиянын карамагында кала берерин айткан. Ошондой эле Крымды суу менен камсыз кылууга кепилдик берип, Украина нейтралдуу статусту кабыл алмак.
Жакында эле дагы бир америкалык миллиардер Билл Экман Украина Крымды Россияга калтырып, НАТОго кирүүдөн баш тартышы керектигин айткан.
20 Тогуздун айы 2022, 11:27