https://sputnik.kg/20230516/borbor-aziyanyn-bir-bolugu-sankciyaga-koshuluuga-dayar-1075347473.html
Галузин: Борбор Азиянын бир бөлүгү санкцияларга кошулууга даяр
Галузин: Борбор Азиянын бир бөлүгү санкцияларга кошулууга даяр
Sputnik Кыргызстан
Дипломат Россия эч кимге кайсы ички жана тышкы саясатты кармануу керектигин таңуулабай турганын белгиледи. 16.05.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-05-16T12:57+0600
2023-05-16T12:57+0600
2023-05-16T12:58+0600
россия
борбор азия
санкциялар
кошулуу
зыян
https://sputnik.kg/img/07e7/04/0e/1074456184_0:0:1559:877_1920x0_80_0_0_63a01b5625d88ff78920f18401bf0be9.jpg
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Кээ бир Борбор Азия өлкөлөрү Россияга каршы санкцияларга кошулууга даяр, бирок алар Москва менен байланышын жасалма түрдө үзүү олуттуу зыян алып келерин түшүнөт. Бул туурасында Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин Томскидеги "Валдай" эл аралык дискуссиялык клубунун III борбор азиялык конференциясынын отурумунда билдирди.ТИМ башчысынын орун басары Россия эч кимге кайсы ички жана тышкы саясатты кармануу керектигин таңуулабай турганын белгиледи. Бирок ал өз ара макулдашылган, анын ичинде ЖККУ, ЕАЭБ жана КМШ алкагындагы милдеттемелерге таасир этпегендей болушу шарт."Бирок биз Борбор Азия региону Москва менен байланышты жасалма түрдө үзүү санкциялардын чыгымына караганда олуттуу зыян алып келерин жакшы түшүнүп турат деп ишенебиз", — деди Галузин.Ошондой эле ал Россия тарап Борбор Азия өлкөлөрү менен стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерди ырааттуу түрдө бекемдөөгө дилгирлигин кошумчалады.
https://sputnik.kg/20230516/zapad-otnoshenie-centralnaya-aziya-prenebrezhenie-1075344920.html
борбор азия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/04/0e/1074456184_188:0:1503:986_1920x0_80_0_0_9757566d6c6a3dc65ac953a403e2afef.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
россия, борбор азия, санкциялар, кошулуу, зыян
россия, борбор азия, санкциялар, кошулуу, зыян
Галузин: Борбор Азиянын бир бөлүгү санкцияларга кошулууга даяр
12:57 16.05.2023 (Жаңыртылды: 12:58 16.05.2023) Дипломат Россия эч кимге кайсы ички жана тышкы саясатты кармануу керектигин таңуулабай турганын белгиледи.
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Кээ бир Борбор Азия өлкөлөрү Россияга каршы санкцияларга кошулууга даяр, бирок алар Москва менен байланышын жасалма түрдө үзүү олуттуу зыян алып келерин түшүнөт. Бул туурасында Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин Томскидеги "Валдай" эл аралык дискуссиялык клубунун III борбор азиялык конференциясынын отурумунда билдирди.
"Батыш мамлекеттери Россияны колдогондордун баарын жазалайбыз деп коркутуп жаткан учурда биздин борбор азиялык досторубузга жеңил болбойт. Аз убакыттын ичинде регион көңүл чордонундагы аймакка айланды. Бир катар Борбор Азия өлкөлөрү экономикалык чектөөлөр орунсуз жана легитимсиз болуп жатканын көрүп түшүнүп турганы менен тобокелчиликтерге баргысы келбейт жатат. Ошол себептен Батыштын чектөө чараларынан чыкпоого даяр экенин билдиришүүдө", — деди Галузин.
ТИМ башчысынын орун басары Россия эч кимге кайсы ички жана тышкы саясатты кармануу керектигин таңуулабай турганын белгиледи. Бирок ал өз ара макулдашылган, анын ичинде ЖККУ, ЕАЭБ жана КМШ алкагындагы милдеттемелерге таасир этпегендей болушу шарт.
"Бирок биз Борбор Азия региону Москва менен байланышты жасалма түрдө үзүү санкциялардын чыгымына караганда олуттуу зыян алып келерин жакшы түшүнүп турат деп ишенебиз", — деди Галузин.
Ошондой эле ал Россия тарап Борбор Азия өлкөлөрү менен стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерди ырааттуу түрдө бекемдөөгө дилгирлигин кошумчалады.